www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Киев облусунун Ирпень шаарында даректүү тасмалардын автору америкалык Брент Рено каза болду. Бул тууралуу Киев облусунун полиция башчысы Андрей Небытов билдирди.

Брент Рено буга чейин «The New York Times» гезити менен кызматташып жүргөн. Аталган гезит да Брент Ренонун көз жумганын тастыктап, маркум гезиттин тапшырмасы менен эмес, өз каалоосу менен Украинага барганын белгиледи. Брент Ренонун өлүмүнөн кийин журналисттерге Ирпень шаарына кирүүгө тыюу салынды, деп билдирди мэр Александр Маркушин.

Буга чейин Брент Рено бир тууганы Крейг менен согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдө, анын ичинде Ирак менен Афганистанда даректүү тасма тартканы белгилүү. Анын тасмалары престиждүү сыйлыктарга ээ болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости