www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык тергөөчүлөр Украинада биологиялык курал жасоого тиешеси бар адамдарды аныкташты. Бул тууралуу Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин RT телеканалына берген маегинде айтты.
"Алынган документтерди талдоо Украинадагы аскердик биологиялык ишмердүүлүк менен байланышкан адамдардын чөйрөсүн, анын ичинде АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүн жана америкалык подрядчыларды так аныктоого мүмкүндүк берди", — деди ал.
Бастрыкин бул маселе боюнча Тергөө комитети кылмыш ишин иликтеп жатканын эске салды.
Тергөөчүлөр ошондой эле Вашингтон 2005-жылдан бери Украинадагы биологиялык программаларды каржылоого кеминде 224 миллион доллар бөлгөнүн аныкташканы белгилүү болду.
АКШ Украинанын Саламаттык сактоо жана Айыл чарба министрликтеринин 30га жакын илимий мекемелерин, ошондой эле Коргоо министрлигинин медициналык күчтөрүнүн командачылыгынын бир нече санитардык-эпидемиологиялык объектилерин модернизациялоо жана кайра жабдуу менен алектенген.
"Изилдөөнүн жыйынтыгы атайын операция башталганга чейин Киев көзөмөлдөгөн аймактарга чыгарылып кеткен", — деп сөзүн жыйынтыктады Бастрыкин.
Атайын операция учурунда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинада Американын аскердик биологиялык программалары боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу далилдерди алып, коомчулукка жарыялаган. Бул кара тумоо жана күйдүргүнүн козгогучтары менен алектенген 30дан ашык биологиялык лабораториялардын түйүнү болгон. Орусиянын колундагы документтерде бул программаны каржылоого АКШ президентинин уулу Хантер Байдендин катышканы да көрсөтүлгөн.
Булак: NazarNews.kg