www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада франциялык журналист окко учту

Украинанын Луганск облусунда Франциянын BFM TV телеканалынын журналисти Фредерик Лёклерк-Имхофф каза болду. Ал бараткан автоунаа Орусиянын артиллериялык аткылоосуна кабылганын аймактын губернатору Сергей Гайдай Телеграмда кабарлады.

Окуя Северодонецк шаарынын алдында болгон. Мурдараак орус аскерлери жана орусиячыл жикчилдер бул шаарга чабуул коюп, аны басып алууга аракет кылып жатканы кабарланган. Луганск шаарын жикчилдер ээлегенден кийин облустук администрация Северодонецк шаарында жайгашат.

Узаган аптада орус армиясы Донбасста баскынчылыгын кыйла улантты. Гайдайдын айтымында, Северодонецк шаарындагы инфратүзүм 100% талкаланган жана турак-жайлардын 90% бузулган.

Талдоочулар согуштук аракеттер созулуп кеткендиктен, Орусия "чакан жеңиштерге" жетүүнү көздөп жатат деп баа берүүдө. Мурдараак Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус күчтөрү Луганск облусуна көзөмөлүн орнотууга жакын калганын айткан.

Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага басып кирген.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктары катталды. 6,5 миллиондой адам Украинаны таштап чыгып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости