www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада орус аскерлеринин көзөмөлүндө турган Мариупол шаарынын четиндеги Мангуш кыштагында сөөктөр жапырт көмүлүп жаткан жай аныкталганын жергиликтүү бийлик кабарлоодо. Социалдык түйүндөрдө 21-апрелде узундугу 300 метрлик жаңы казылган жерлердин спутниктен тартылган сүрөттөрү жарыяланды.

Мариуполдун мэри Вадим Бойченко Мангушка каза болгон мариуполдуктардын сөөгүн жүк ташуучу машиналар менен алып келип, казылган аңдарга таштап кетип жатышканын билдирди.

Спутниктен тартылган сүрөттөр бул жай март айынын аяк ченинде пайда болгонун көрсөтүп турары айтылууда.

Орусия бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек. 

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости