www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада согушкан тажик тектүү Орусиянын аскер кызматкери  Иркутск облусунда жол кырсыгынан каза болду.

Адам өлүмүнө алып келген авария 6-апрелде болгон. Натыйжада Согд облусунун Канибадам шаарында туулуп-өскөн 22 жаштагы Мехрубон Амонов жана анын 44 жаштагы эжеси Нигина Шаропова мерт болду.

Мехрубон Амоновдун жакындары “Озоди” радиосуна билдиргендей, ал Украинада “атайын операция” башталган күндөн тарта орус армиясынын катарында кызмат өтөп жаткан. Мехрубон туугандары менен жолугуп келүү үчүн Иркутск облусуна бараткан.

Иркутсктагы тажик диаспорасынын төрагасы Алишер Ширинов Тажикстан консулдугунун кызматкерлери менен бирге анын сөөгүн тарыхый мекенине жеткирүүгө даярдык көрүлүп жатканын айтты.

Украин ЖМКлары тараткан маалыматтарга караганда, Украинада орус армиясынын катарында 6 миңдей борбор азиялык кызмат өтөп жатат. Арасында 100дөй тажикстандык бар. Бирок алардын чыныгы санын аныктоо мүмкүн эмес. Ушул күнгө карата Украинанын аймагында 20дан кем эмес тажик тектүү аскер мерт болду.

Тажикстан бийлиги өлгөндөрдүн баары мурда орус жарандыгын алганын билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости