www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга Орусиянын Краснодар крайынан буудай, арпа, сафлор, буурчак, семечке келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта өткөн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, Айыл чарба министрлиги берген тизме боюнча ӨКМ үрөндөрдү аймактарга ташууда.

“Азыр үрөндүн ташуусу кармалууда, себеби ал батыш тараптан келет, ал жактагы акыркы окуяларга байланыштуу темир жолдун иштешине тоскоолдук жаралууда. Темир жолдон биринчи курал күчтөрүн өткөрүп, үрөндү кечиктирип өткөрүүдө. Ага карабастан үрөндүн жарымын алып келдик. Өзбекстандын темир жолу жабык болгондуктан өлкөнүн түштүк аймагына жеткирүү кыйынга турууда. Бирок министрлик Бишкекке келген үрөндөрдү унаа менен өлкөнүн түштүгүнө ташууда”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости