www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина согуштун агымын өз пайдасына бурду, бирок азыркы каршы чабуул качандыр бир убакта бүтөт. Украина бардык аймактарды бошотуу үчүн жаңы чабуулдарды башташы керек. Буга байланыштуу согуш 2023-жылга чейин уланат. Бул тууралуу Американын согушту изилдөө институтунун (ISW) аналитиктери Украинадагы фронттогу кырдаал боюнча жаңы баяндамасында билдиришти.
«Азыркы контрчабуул согушту токтотпойт. Орус аскерлери туруктуу коргонуу линиясын калыбына келтирип, алтургай жергиликтүү контрчабуулдарды жасай алат. Орусия басып алган аймактарды бошотууну аягына чыгаруу үчүн Украина жаңы контрчабуул операцияларын башташы керек. Буга байланыштуу согуш 2023-жылга чейин созулушу мүмкүн», - дешет ISW эксперттери.
Белгиленгендей, украин бийликтери Херсон аймагындагы контрчабуулга даярданууну талкуулап, баскынчылардын көңүлүн негизги чабуул жасалышы керек болгон аймактардан башка жакка бурган. Кылдат даярдыктын аркасында план ишке ашты.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын Харьков жана Херсон облустарындагы кургактык линияларына чабуул жасоо үчүн ХИМАРС жана башка Батыш куралдарын колдонушкан. Бул операциянын ийгиликтүү өтүшүнө шарт түздү.
Булак: NazarNews.kg