www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүгөрү жүктөгөн үч кеме жума күнү Украинадан чыгып, гуманитардык коридорду көздөй жөнөдү. Бул тууралуу Украинанын Инфратүзүм министрлиги менен Түркиянын Коргоо министрлиги Facebook баракчасында кабарлады.

MarineTraffic сервисинен маалыматтарынан көрүнүп тургандай, Navistar кемеси Одессанын портунан, Rojen жана Polarnet коңшу Черноморск портунан жолго чыкты. Алар жалпы 58 миң тонна жүгөрү ташып баратышат. Жүктөр Түркияга, Улуу Британияга жана Ирландияга кетет.

Бул согуш башталгандан берки украин дан азыктарын сыртка ташып бараткан экинчи кеме. Razoni деп аталган кеме Одессанын портунан 1-августта 26 миң тонна алып чыгып, 2-августта Босфор кысыгы аркылуу Ливанга өтүп кетти. Украинадан жалпы 28 миллион тонна дан азыктары экспортко чыгарууга даяр турат.

 Эске салсак, 22-июлда Стамбулда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу дүйнөлүк рынокко азык-түлүк жана жер семирткичтерди жеткирүү көйгөйлөрүн чечүү үчүн өз ара байланышкан эки документке кол койгон. Биринчи меморандум БУУнун россиялык айыл чарба продукциясын жана жер семирткичтерин дүйнөлүк рынокко экспорттоодогу ар кандай чектөөлөрдү алып салуу милдетин өзүнө алат. Экинчиси Украина көзөмөлдөгөн Кара деңиз портторунан Украинанын айыл чарба продукциясын экспорттоо алгоритмин аныктайт.

Экинчи документ Орусия тарабынан сунушталган алгоритмге негизделген. Ага ылайык, Украина көзөмөлдөгөн Кара деңиз портторунан коммерциялык кемелердин коопсуз чыгышы үчүн деңиздеги гуманитардык коридор түзүлмөкчү.

БУУ дандын жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси келе жатканын бир нече ирет айткан. Батыш Орусияны дүйнөлүк рынокко украин данын чыгарууда тоскоолдук кылып жатат деп айыптап келет. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоодо эч кандай маселе жок экенин жана Москва буга кийлигишпей турганын билдирген.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет катары сыпаттап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости