www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинага поляк танктары келгени жарыяланды

Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Польшанын танктары Украинага келгенин айтты. Буга чейин Польша Украинага танктарды, өзү жүрүүчү гаубицаларды, миномётторду, ок-дарыларды, истребителдердин тетиктерин, учкучсуз учактарды жана башка куралдарды өткөрүп жатканы кабарланган.

"Польшадан келген PT-91 Twardy (ред. поляк танкы) Украинада. Досторубузга рахмат", — деп Ермак өзүнүн Telegram каналында жазды.ө

Орусия Федерациясы Украинага курал-жарак жеткиргендигине байланыштуу АКШ баш болгон бардык өлкөлөргө мурда нота жөнөткөн. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина үчүн курал-жарак камтыган ар кандай жүк Орусия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын белгилеп, НАТО өлкөлөрү Украинага курал-жарак жеткирүү менен "от менен ойноп жатат" деген. Ал эми Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинага Батыштан курал-жарактарды тартуу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгилигине өбөлгө түзбөй турганын жана терс таасирин тийгизерин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости