www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия кол салса, Украинаны коргоо үчүн америкалык аскерлерди жөнөтүү ыктымалдуулугу каралган жок. Себеби бул өлкө НАТОнун мүчөсү эмес. Бул тууралуу АКШнын президенти Джо Байден билдирди.
"Орусиянын Украинага кирип барышына каршы туруу үчүн Кошмо Штаттар бир тараптуу түрдө өз күчүн колдонбойт. НАТОдогу өнөктөштөрүбүздүн алдында келишимдин бешинчи беренесине ылайык, моралдык жана юридикалык милдеттенмелерибиз бар. Бирок бул милдеттенме Украинага тиешелүү эмес", - деген Байден.
Орусия Украинанын НАТОго кириши же альянстын бул өлкөдө аскер базасын орнотушу Орусия үчүн "кызыл чек" болорун жана жооп кайтарылышы мүмкүн экенин буга чейин айткан.
Ал эми АКШ жана Батыш өлкөлөрү Украинанын чек арасына жакын жерде Орусия тарапта соңку жылдардагы эң көп аскердик топтолуу байкалганын кооптонуу жаратуучу фактор деп атап жатышат.
Булак: NazarNews.kg