www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусияны аткылаган видеосу тарады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн соккусунан ЛЭР, ДЭР, ошондой эле Украинанын качкындары менен өткөрмө жайлар, турак үйлөр жабыркаган. Алардын арасында балдар да бар. Белгород облусунда чиркөө кызматкери көз жумган.
«Алар кайда атып жатканын, турак-жай, эл бар жерге сокку уруп жатканын билишкен», — деген Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз.
Украина тик учактарынын соккусунан Климово кыштагында сегиз адам жапа чеккен. Анын ичинде кичинекей бала дагы бар. Мындан тышкары, 100гө жакын үй жабыркаган.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg