www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
The Economist журналынын маалыматына караганда, Украинада 2026-жылдын февраль айында согуш жүргүзүүгө акча түгөнүшү мүмкүн. Себеби үч каржылоо булагынын экөөсү — АКШнын жардамы жана кредиттер — азайып баратат, ал эми Европа өлкөлөрү өз ара макулдашууга келе албай жатат.
Журналдын маалыматы боюнча, Украина азыр катуу каржылык тартыштыкка туш болду. “Эгер абал өзгөрбөсө, февралдын аягына чейин өлкөнүн каражаты түгөнөт”, — деп айтылат макалада.
2025-жылдын аягына карата Украинанын коргонуу бюджети жана тышкы жардамдын жалпы көлөмү болжол менен 360 миллиард долларды түзөт. Ал эми дагы төрт жылдык согушту жүргүзүү үчүн 390 миллиард доллар керек болот.
“Украинанын үч каржылоо булагынын экөөсү азыр түгөнүп баратат. Февралда (АКШ президенти Дональд — ред.) Трамп Ак үйгө келгенден кийин Украинага ай сайын бөлүнүп турган жардам токтогон. Мындан тышкары, Украина мүмкүн болгон көлөмдө эле карыз алды. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы ИДПнын болжол менен бештен бир бөлүгүнө барабар, ал эми мамлекеттик карыздын ИДПга карата үлүшү согушка чейинки деңгээлден эки эсе көбөйүп, 110%га жетти... Калганы — Европа гана”, — деп жазат басылма.
Бирок Европа өлкөлөрү азырынча Россиянын тоңдурулган активдерин Украинага жардам берүү үчүн пайдалануу маселесинде бир пикирге келе элек. Жада калса Евробиримдик бул активдерди конфискациялаган күндө да, ал каражат Украинанын 390 миллиард долларлык муктаждыгын толук жаба албайт. Ошондуктан, журналдын пикиринде, Европа өлкөлөрү биргелешкен карыз алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгышы керек.