www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба чет элдиктерди Украинадагы орус аскерлерине кошулбоого үндөдү. Бул тууралуу министр өзүнүн Твиттер баракчасына жарыялаган.
Маалыматка ылайык, Орусия Украинага каршы күрөшүндө орус армиясына кошулууну каалаган чет элдик согушкерлерге кайрылган Кулеба: "Мен орус баскынчы күчтөрүнө кошулууга үндөгөн чет элдик жарандарга эскертем: муну кылбагыла. Буга чейин эл аралык сотторго кайрылганбыз. Аман калсаң да согуш кылмышкери болосуң. Акчага же башка нерсеге арзыбайт”,- деп жазган дипломат.
Ошондой эле, Кулеба Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөн.
Кулеба Трасс менен болгон сүйлөшүүсүндө Украинада согушту баштаган Орусияга дагы көп санкцияларды киргизүү тууралуу баарлашканын белгилеп: "Биз Лиз Трасс менен Орусияга каршы дагы көп санкцияларды киргизүү боюнча кийинки кадамдарды талкууладык. Орусия өзүнүн түшүнүксүз агрессиясын жана жапайы согуш кылмыштарын токтотмоюнча, ага кысым күчөшү керек",- деп билдирди.
Булак: NazarNews.kg