www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мамлекет ата мекендик өндүрүштү өнүктүрмөйүнчө кризсике туруштук берүү барган сайын кыйындай берет», - деди бүгүн, 14-мартта NazarNews маалымат агенттигине профессор Венера Акматова.

- Венера эже, жаңы түзүлгөн Антикризистик комитет каатчылыкты алдын алып, элди дүрбөлөң түшүрбөй коё алабы?

- Антикризистик комитет каатчылыктын алдын алууга толук кучү жетпесе да, бардык күч аракетин жумашашы зарыл. КР Өкмөтүнүн бардык күтүлүүчү кризистерге каршы так кадамдары иштелип чыгып, чечүүнүн жолдорун табышы зарыл. Мамлекеттик резервдин акыбалын жакшыртуу, көзөмөлдөө түздөн түз алардын мойнунда.

Өлкөнүн экспортунан импорту көп болгондуктан жакынкы мамлекеттердеги өзгөрүүлөр бачым эле таасирин тийгизип жиберет. Биздин өлкөнүн экономикасынын толугу менен тышкы факторго көз карандылыгы дайыма каржылык, социалдык олку-солкулуктарды пайда кылып, туруктуу өнүгүүгө кедерги болуп келе жатат. Бул жагдай түздөн-түз элдин психо-эмоционалдык абалына да терс таасир берет.

Азбы-көппү, сапаты жакшыбы-жаманбы продукцияны өзүбүздөн чыгарууну колго алмайынча бул акыбал улана берет. Кыргызстандын түштүгүндө пахта айдалып, анын чигитинен сапаты жогорку суу май алынар эле, май чыгарчу завод иштеп, түштүк аймагын толугу менен камсыз кылып турчу. Чет жерден ташылган суу майды дээрлик кездештире алчу эмеспиз.

Азыр деле ушул сыяктуу өндүрүштү колго алса болот да. Буудай, арпа, сулуу, жүгөрү айдалган эгин талаалары азыр эмне болду!? Жер жеке менчикке берилгенден кийин өз үлүшүн ар ким ар кандай колдонуп атат. Гектарлап өрүк, кокон гиларс айдап салгандары бар. Мамлекет майда жана орто ишкерлерди колдоп ата мекендик өндүрүштү өнүктүрмөйүнчө ар кандай кризсике туруштук берүү барган сайын кыйындай берет, ал эми эл жумуш издеп башка өлкөлөргө агыла бергенин токтотпойт.

- Айрым депутаттар ашыкча мечиттерди бала бакча, мектеп кылыш керек деген демилге көтөрүп жатышат. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Курулуп бүтүп иштеп аткан мечиттерди бала бакча же мектепке ылайыкташтыруу канчалык туура келет!? Коопсуздук, санитардык абалы, ыӊгайлуулулгу туура келеби!? Муну мечитти көп курганга караганда мектеп, балдардын келечегин аныктай турган мекеме курууга артыкчылык берүү деп түшүнсөк туура болчудай.

Чынында эскилиги жетип, шыптары көчүп түшө баштаган, илгерки контрамарка менен жылып, кышында ыш жыттанып, тончон-тумакчан үшүп-шишип отурган балдарды иш сапары менен жүрүп көп эле кезиктиргем. Балдар бакчасы тургай ал түшүнүктүн өзү жок айылдарыбыз бар.

Бирок ошол айылдын чок ортосуна жаӊы мечиттер барган сайын көбөйүп атканын да көрүп жатабыз. Кыйрайып кулайын деп турган мектепте окуган мойтойгон бөбөктөрдүн жанынан өтүп мечитке барып зыярат жасоонун өзү деле күнөө болсо керек!

Ушундай маселе көтөрүлсө эле молдокелер ач айкырык, куу сүрөөн баштап жиберип, айткан адамды талап жатып калып атышат. Ал тургай Кудайдын өз атынан коркутуп аткандары бар.

Ошол исламдын апологеттери Ыйык Куранда да илим-билим алууга абдан чоӊ маани берилгендигин унутушпаса. Мечит салып сооп издегендер мектеп же бала-бакча салса канча бир муундун андан кем эмес сообун алмак. Баарыбыз жашообуз оӊолсо дейбиз. Ден-соолугу чыӊ, илим-билимдүү, адеп-ахлактуу, маданияттуу татыктуу муунду өстүрүп, тарбияламайынча жакшы турмушка жетүү дегеле мүмкүн эмес экендигин унутпасак!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости