www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Каатчылык токтош үчүн Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш токтош керек», - деди бүгүн, 14-мартта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.
- Рамазан агай, Кыргызстандагы абалды жөнгө салуу үчүн Антикризистик комитет түзүлдү. Аталган комитет каатчылыкты алдын ала алабы?
- Менимче, элди дүрбөлөңгө салган кризисти мурун дүйнөлүк тенденция десек, азыр Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан улам күчөп кетти. Согуштун кесепети көпчүлүк мамлекеттерге тийип, санаркаткан маселе жаралы.
Кыскасы, Африкада дагы кымбатчылык болуп жатат. Мындан улам дүйнө жүзүндө каатчылык күчөйт окшойт деген маалыматтар тарай баштады. Анткени, дүйнө жүзү бири-бирине чырмалган.
Ошентсе да, Кыргызстандагы абалды жөнгө салуу максатында Антикризистик комитет түзүптүр. Ал комитет зарыл учурда түзүлдү деп кубаттаганыбыз менен бааны түшүрүп, элди дүрбөлөңгө түшпөй турган иштерди жасай алабы, жокпу азырынча белгисиз.
- Ошондо каатчылык токтобойт деп турасызбы?
- Мен да каатчылык токтошун, эл ток болушун каалайм. Бирок, каатчылык токтош үчүн алгач Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш токтош керек. Ошондой эле Орусиядан кетип калган бренд фирмалар кайра Орусия менен кызматташышы керек. Кыскасы, алака мурдагыдай болмоюн абал жакшырып кетиши күмөн.
- Инфляция токтойбу же доллардан баш тарткан абалга келебизби?
- Менимче, доллардан баш тартабыз дешкени менен ага эч кимдин күчү жетпей жатат. Путин менен Си Цзиньпин бир канча жыл мурун эле ушул маселени көтөрүшкөн. Бирок күчтөрү жетпей жатат го. Эң жаманы доллар күндөн күнгө кымбаттап, сом менен рубль чөккөндөн чөгүп бара жатышат.
Негизи эле чектөө жакшылыкка алып келбейт. Чектөө болгон сайын инфляция күчөгөндөн күчөйт. Мисалы, Түркияда дагы инфляция күчөп, лиранын кунун кетирбей сактап калыш үчүн улам интервенция кылып жатышат.
Булак: NazarNews.kg