www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы онлайн режиминде башталды. Бул тууралуу ТРТ жазып чыкты.

Сүйлөшүүлөрдүн алдында билдирүү жасаган Украинанын президенти Владимир Зеленский: "Сүйлөшүүлөрдө делегациябыздын так милдети бар: Украина менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусун камсыз кылуу үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек",- деди.

Украин делегациясынын башчысы, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Михаил Подоляк да онлайн сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүксүз уланып жатканын, төртүнчү айламдагы сүйлөшүүлөрдө "алдын ала жыйынтыктардын" талкуулана турганын билдирди.

Орус булактары сүйлөшүүлөрдө азырынча жылыш жок экенин, бирок эки делегациянын жакын арада бирдей пикирге келиши мүмкүн экенин айтып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости