www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Антикризистик комитет азык-түлүк коопсуздугун, дары-дармектин баасын, долларды жана күйүүчү майды арзандатуунун жолун издеши керек», - деди бүгүн, 14-мартта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Бейшенбек ага, жаңы түзүлгөн Антикризистик комитет каатчылыкты алдын ала алабы?

- Негизи антикризистик комитет түзүлгөнү жакшы эле болду. Эми элди дүрбөлөңгө түшүрбөй абалды жөнгө салат деп ойлойм. Былтыр короновирус башталганда да ушундай ажиотаж болгон.

Тагыраагы, эл түшүнбөй эле башкалар алса, мен да алышым керек экен деп талашып ала беришип, дүкөндөгү азык түлүктөр кымбаттап кеткен. Бу сапар да ошондой жагдай болду окшойт. Базарда элдин дүрбөлөңүнөн шекер калбай калган абал жаралды.

Эми абалды жөнгө салуу үчүн түзүлгөн антикризистик комитет эң биринчи азык-түлүк коопсуздугун, дары-дармектин кымбатташын, доллардын курсунун жогорулашын жана күйүүчү майдын баасын арзандатуунун жолун издеши керек.

Эң негизгиси Орусия менен рубль - сом менен соода сатык келишимин түзүп, Кытай менен юиан менен келишим түзүш керек. Мурдагы 5 млрд. доллар карызды да кайра карап чыгышы шарт. Ошондой эле Орусиядагы мигранттар келет. Аларга да жумуш орундарын түзүшү керек.

- Быйылкы каатчылыкты эске алып, жерди көп айдап, керектүү азыктарды өзүбүз өндүрүшүбүз керекпи?

- Ооба, Айыл чарба министрлиги элди азык-түлүк менен камсыз кылыш үчүн азыртадан аракетин башташы керек. ФПСтин жерлерине буудай, кант кызылчасын, пахта, софлор, күн карама жана башка керектүү жашылчаларды тигиши керек. Быйыл бир да метр жер бош калбашы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости