www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Алматы облусунун башчысы Канат Бозумбаев Жаркенттеги резиденциядан баш тартып, аны балдардын реабилитациялык борборуна айлантууну сунуштады. Бул тууралуу NUR.KZ жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Канат Бозумбаев райондун тургундары менен жолугушууда, резиденцияга муктаждыгы жок экенин билдирген.
"Балдарга реабилитациялык борбор түзүүгө резиденциямды өткөрүп берем. Бул абдан маанилүү жана керектүү объект, анын адистери ата-энелерге өзгөчө балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн күрөшүүгө жардам бере алышат», - деп билдирген облус башчысы.
Маалым болгондой, Алматы облусунун акиминин Жаркенттеги резиденциясы 2013-жылы курулган. Бир кабаттуу үйдүн аянты 910 чарчы метр, ал эми жер тилкеси 1 гектарга барабар.
Булак: NazarNews.kg