www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Дыйкандарга мамлекет тарабынан эч кандай шарт түзүлчү эмес», - деди бүгүн, 14-мартта, NazarNews маалымат агенттигине активист Мирбек Маниясов.

- Мирбек мырза, айыл чарбага өзгөчө көңүл бурулганы дыйкандардын ишинин илгерилешине шарт түзөбү?

- Айыл чарбага өзгөчө көңүл бурулгандыгы тамак-аш коопсуздугун алдын алуу аракети. Негизи буга чейин айыл чарба жаатына жана дыйкандарга мынчалык көңүл бурулган эмес. Дыйкандар өздөрүн арабасын тартышчу.

Мамлекет тарабынан эч кандай шарттар да түзүлүп берилген эмес. Мына эми ажобуздун жарлыгы менен дыйкандарды жер салыгынан да бошотулуп, жазга карата кредиттик негизде үрөн, аз пайызда кредиттер да бериле баштады. Үрөндөр ар бир аймакка жеткирилди. Эми аны себип, түшүмүн жыйнап алсак, тамак аш коопсуздугуна кам көргөн болобуз.

Былтыркы кургакчылык да дыйкандарыбызды бир топ түйшүккө салган. Ошондуктан быйылкы жылы андай болбосун деген таризде ар бир аймак өздөрүнүн каналдарын, арыктарын тазалап жатышат. Суу сактагычтарды даярдоо иштери да колго алынды. Кыскасы, абалдан чогуу-чаран чыгабыз деген ойдомун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости