www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-августта “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүгө (ташып кирүүгө, өндүрүүгө, пайдаланууга, сатууга) тыюу салууну киргизүүгө багытталган чектөөчү чараларды белгилөө жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагында полимер материалдарынын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтууга багытталган.

Алсак, Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүгө мыйзам менен белгиленген тыюу cалууларды жана чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн төмөнкүдөй санкцияларды белгилөө сунушталып жатат:

– полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өндүрүүгө тыюу cалууну бузгандыгы үчүн – жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу;

– полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды сатууга тыюу cалууну бузгандыгы үчүн – жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу;

– соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды акысыз берүүгө тыюу cалууну бузгандыгы үчүн – жеке жана юридикалык жактарга эскертүү берүү, эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалган бузуулар үчүн – жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу;

– полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды пайдаланууга тыюу cалууну бузгандыгы үчүн – жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу.

Ошол эле учурда, көрсөтүлгөн жоопкерчилик 2027-жылдын 1-январынан тартып киргизилет.

Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын, Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасынын жана көлдүн жээк зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө мыйзам менен белгиленген тыюу cалууларды жана чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн төмөнкүдөй санкцияларды белгилөө сунушталып жатат:

– полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө жана пайдаланууга тыюу cалууну бузгандыгы үчүн – жеке жана юридикалык жактарга эскертүү берүү, эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалган бузуулар үчүн – жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу;

– соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн акысыз берүүгө тыюу cалууну бузгандыгы үчүн – жеке жана юридикалык жактарга эскертүү берүү, эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалган бузуулар үчүн – жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 80 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу. 
Бул жоопкерчилик кабыл алынган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин киргизилет.

Кабыл алынган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости