www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Асия Сасыкбаева, Гүлнара Джурабаева, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова жана Перизат Сурановаларды мыйзам бузду деп айыптаганы абсурд жана каралоо аракети деп эсептейт. Бул туурасында укук коргоочу пикирин Фейсбук баракчасына жазды. 

"Асия Сасыкбаева, Гүлнара Джурабаева, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова – ар дайым  мыйзамдуулук үчүн, эркиндик жана демократия үчүн  деп  жүргөн инсандар экендигин мен көп жылдар бою баарлашып жана алар менен иштешкен жаран катары айта алам. 

Алар ар дайым Конституцияга каршы келген чечимдерге, Конституцияны бузууга каршы болуп келген. Андыктан бул инсандарды мыйзам бузду деп айыптоо абсурд жана каралоо аракети",- деди Ошурахунова. 

Последние новости