www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү белгилешти. Буга байланыштуу өнөктөштүктүн негизги багыттарынын бири болгон маданий-гуманитардык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап биргелешкен гуманитардык демилгелерди улантууга кызыкдар экенин билдирди. Мындан тышкары, Улан Маматканов Кытай Эл Республикасынын делегациясынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусун кубаттады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

Последние новости