www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилерине коомдук тартипти сактоо боюнча ар тараптуу ыкчам чараларды күчөтүү маселелери жана шайлоо учурунда коопсуздук иш-чараларынын жыйынтыктары боюнча онлайн кеңешме өткөрдү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, онлайн кеңешме учурунда Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, шайлоо учурунда коомдук коопсуздук күчөтүлгөн тартипте камсыздалып, одоно укук бузууларга, резонанс жараткан кылмыштарга жол берилбегенин билдирди.

«Бирок коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары ушуну менен эле токтоп калбайт. Алдыда дагы аткара турган иштерибиз көп. Жер-жерлерде ар бир жетекчи жергиликтүү бийлик органдары, айыл өкмөттөрү, айыл башчылары, эл арасындагы кадыр-барктуу адамдар, активдүү жарандар менен элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча тыгыз байланышта иш алып барууну күчөтүү зарыл.

Ар түрдүү  туура эмес маалыматтарды таратып, жөнөкөй жашоочулардын тынчын алган чагымчыл аракеттерге жеринде бөгөт коюп, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Калктын жашоо турмушун жеңилдетүү боюнча президенттин жарлыктарын ишке ашырууну баарыбыз аткарууга милдеттүүбүз.

Атап айтканда, эл менен жолугушууларды улантып, элдин суроо талаптарын жеринде чечип, ар тараптуу бардык жардам берип, коомдук тартипти сактоодо жапа тырмак иш-чараларды колго алабыз. Биринчи жетекчилер жеке өзүңүздөр график түзүп, жер-жердеги райондорду, шаарларды, айылдарды кыдырып, эл менен жолугуп, маселелерди жеринде чечүүгө иш-аракеттерди көрүңүздөр. Азыркы учурда, Ички иштер министрлигинин түзүмүндө өзгөрүүлөр орун алды.

Унаа мекемеси, жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө ишмердиги, айдоочуларды даярдоо, окутуп-үйрөтүүгө карата лицензия берүү багыттары ИИМдин карамагына өткөндүгүн билесиздер. Бүгүнкү күндө өткөрүп алуу боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат. Биздин эң башкы милдетибиз – жол кырсыктарын азайтып, адам өлүмү менен коштолгон фактыларды алдын алуу болуп эсептелет.

Аны менен бирге, милициянын аймактык инспекторлорунун, туристтик экологиялык милициянын жаңы образдагы ишмердиктерин ишке киргизип, милдеттерин кеңейтүү үчүн ченемдик-укуктук актылар даярдалды. Бул кызматтарды заманбап каражаттар менен камсыздап, туруктуу иш алып барууга шарттарды түздүк. Жаңы кызматтар негизги үч милдетти аткарат. Биринчи — адам өмүрүн ар түрдүү коркунучтардан коргоо, экинчи — элдин тынчтыгын күнү-түнү сактоо, үчүнчү — коомдун туруктуу жашоосун камсыздоо өүчүн элге сервистик тейлөө көрсөтүү болуп эсептелет», - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости