www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-апрель күнү ИИМдин Борбордук аппаратында ИИОнун 2022-жылдын 3 ай ичиндеги ыкчам–кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме өтүп, анда ИИМдин Катчылыгынын  начальниги Абдиш Коомбаев баяндама жасады. Электрондук документештирүнү жүргүзүү боюнча баяндаманы уккан министр Улан Ниязбеков  сөз сүйлөп, бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

“Азыркы учурда, санариптик иш-чараларды ишке ашыруу, заманбап тейлөө, автоматташтырылган тутумдардын жардамы менен элди тейлөөнү жеңилдетүү, мамлекеттик кызматтардын ишин ыкчамдатуу боюнча Президенттин Администрациясынан баштап, айыл өкмөттөргө чейинки деңгээлде санарип багытын өркүндөтүү иш-чарасы кызуу жүргүзүлүп жатат.

Ички иштер башкармалыктары - санарип багытынан артта калбай милдеттерди ыңгайлаштыруу, санарип ыкмалар менен кылмыштын бетин ачуу, элге сервистик тейлөө көрсөтүү боюнча иш-чараларды уюштуруп, күчөтүңүздөр.

Улам барган сайын ички иштер органдарында санариптик кадамдар жакшырышы керек. Ар бир райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө санариптешкен “Автоматтык нөөмөт бөлүмү”, жарандарды, анын ичинде чет элдик жарандарды кабыл алуу үчүн “Акылдуу милиция пункту”, кылмыштуулукту алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн коомдук жайларга, көчөлөргө жана эл көп чогулган аймактарга видео-камералар орнотулуп, аларды көзөмөлдөө үчүн “Мониторинг бөлүгү” ачылып, ишке киргизилиши керек.

Президенттин 2021-жылдын 25-декабрындагы тапшырмасынын негизинде, ушул 2022-жылдын июль айына чейин бардык ички иштер органдарындагы тиешелүү иш кагаздары электрондук тартипке өтүшү керектигин талап кылам. Эгер бул талаптар аткарылбай, кайдигерлик менен мамиле кылына турган болсо, анда ИИОнун жетекчилерине карата катуу чаралар көрүлөт. Санарип тармагында электрондук иш кагаздарды жүгүртүү менен эле чектелип калбайбыз. Алдыда дагы бир катар иштер жана жасалуучу пландар бар. Ар бир кызматтын жана жер-жердеги башкармалыктардын өздөрүнүн ишмердиги боюнча электрондук архивдери болушу керек, ок атуучу куралдар, издөөдөгү адамдар, жол кырсыктары, айып пул төлөбөй жүргөн унаалардын айдоочулары, транспорт каражаттарын каттоо, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар боюнча соттун электрондук чечимдери, жаза мөөнөтүнөн бошоп чыккандардын тизмеси, мурда соттолгон адамдардын, үй-бүлөлүк зомбулук менен каттоодо тургандардын тизмеси жана башка маалыматтык базалар түзүлсүн. Кибер коркунучтарга бөгөт коюп, ар түрдүү ички маалыматтарга карата кибер чабуулдарга жол берилбесин. Эл аралык санарип тажрыйбаны эске алуу менен, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн бул багытта жетишкендиктерин жана кемчиликтерин изилдеп, сапаттуу иштерди уюштурууну колго алгыла”, - деп ИИМ башчысы өз сөзүндө баса белгиледи.

 

Последние новости