www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын кызматкерлерин, Ички аскерлердин аскер кызматчыларын, ардагерлерди жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.
«Ата Мекенди коргоочулар күнү элибиз үчүн салттуу жана кеңири белгиленип келген майрам болуп калды. Бул майрам татыктуу түрдө эрдиктин жана патриоттуулуктун символу болуп саналат. Биздин бир гана Ата Мекенибиз бар — Кыргызстан, ал баарыбыз үчүн ыйык. Ошондон улам погон тагынган, колуна курал алып мекенибизди коргогондордун гана эмес, “Ата Мекен”, “милдет”, “намыс” деген сөздү ойлогон ар бир адамдын негизги майрамы. Бул өз өлкөсүнүн эр жүрөк, күчтүү, чыныгы патриотторунун майрамы деп эсептеймин.
Өлкөдөгү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу ар дайым мамлекеттик саясаттын маанилүү бир бөлүгү эсептелет. Ички иштер органдарын заманбап талаптар менен өнүктүрүүгө, элдин коопсуздук шарттарын жакшыртууга, санариптешкен ишмердүүлүк менен алдыга койгон максаттарга жетүүгө милиция кызматкерлери бардык күчүн жана тажрыйбасын жумшап “Коопсуз мамлекет” баскычына жетүүгө күжүрмөн аракеттерин жумшайт.
Ички иштер органдарынын өздүк курамы кыргыз элинин алдында мыйзамга жана Антка, каада-салттарга урмат кылуу менен өлкөбүздөгү биримдик, туруктуулук тынчтык үчүн алдыга коюлган милдеттерди ар-намыс менен аткара тургандыгына ишенемин. Бул биздин ыйык милдетибиз жана парзыбыз!
Өз Мекенин жан дилинен сүйүп, ага ак кызматын арноого багыт алган жаштарыбызды патриоттуулукка тарбиялоодо зор салым кошкон ардагер аталарабызга, агаларыбызга таазим кылабыз жана терең ыраазычылык билдиребиз. Баардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо каалайм!», - деп куттуктады министр.
Булак: NazarNews.kg