www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

19-сентябрда Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрдү. Анда 9 айды ийгиликтүү жабуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чаралары жөнүндө маселелер каралды.

Алгач, сөзүндө ИИМ башчысы элибиздин коопсуздугуна багытталган негизги иш-чараларга жана алдыбызда аткара турган маанилүү багыттарга кыскача токтолуп кетти.  

Андан соң, Улан Ниязбеков 9 айды ийгиликтүү жабуу боюнча сөз сүйлөп, ички иштер органдарынын артыкчылыгы - коомдук тартипти сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү экендигин билдирди. 

Жогорудагылардын негизинде бардык ички иштер органдарынын биринчи жетекчилеринин алдына тапшырмалар коюлуп, кынтыксыз аткаруулары эскертилди. Алар:

-9 айды ийгиликтүү жабуу боюнча ыкчам иш-чарларды уюштуруп, зарыл аракеттер көрүлсүн:

-Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу жаатындагы профилактикалык иш-чаралар күчөтүлсүн;

-Мезгил-мезгили менен рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, эл арасында резонанс жараткан фактыларга, анын ичинде жаш өспүрүмдөргө байланыштуу кылмыштарга, үй-бүлөлүк зомбулуктарга жол берилбесин;

-Жергиликтүү бийликтин жооптуу жетекчилери, акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөр, айыл башчылары, коомдук уюмдар, айыл аксакалдары, жаштар жана аялдар кеңештери жана активдүү жарандар менен биргеликте, эл арасында көйгөй жаратып жаткан бардык маселелер аныкталып, жеринде иликтенип, аларды жоюу боюнча маанилүү иш-аракеттер алып барылсын.    

Ошондой эле, онлайн кеңешменин жүрүшүндө 22-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болоору айтылып, шайлоо учурунда коомдук тартип, жарандардын коопсуздугу жана жол коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалуусу тапшырылды. Шайлоо иш-чарасында бир дагы мыйзам бузууга жол бербөө, айрыкча добуш сатып алууга, жарандарды добуш берүүчү тилкелерге ташууга, шайлоо күнү үгүт жүргүзүүгө жана башка ушул сыяктуу мыйзамсыз көрүнүштөргө жеринде бөгөт коюуу жагы эскертилди. 

Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Последние новости