www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-октябрда Ички иштер министрлигинде өтүп жаткан коллегиялык отурумдүн жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун ички иштер органдарынын 2024-жылдын 9 ай ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндамасынан соң, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жер-жерлердеги ички иштер органдарынын жетекчилерине бир нече тапшырмаларды берип, кынтыксыз аткарууларын талап кылды. Алар:
- Бардык кемчиликтерди өздүк курамга туура жеткирип, алардын кайталануусун болтурбоо үчүн иш-чараларды алып баруу;
- Ар бир жетекчи, өзү жооптуу болгон аймактагы мүчүлүштүктөрдү тизмектеп, көйгөйлөрдү жоюу боюнча жеке план түзүп, жылдын аягына чейин ирээтке келтирүү;
- Шаардык, облустук, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, ошондой эле, аларга жооптуу болгон башкармалыктардын башчылары – Президенттин Жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун, иш-мерчемдерин, Ички иштер министрлигинин буйруктарын, көрсөтмөлөрүн жана пландарын сапаттуу аткарууну колго алуу;
- Ыкчам-кызматтык ишмердиктеги кемчиликтерди жана коомчулук арасында болуп жаткан көйгөйлөрдү жаап жашырбастан, өз учурунда жоюуга аракеттерди көрүү;
- Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактоо, элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү жумуштарын күчөтүүү;
- Жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык шарттарды түзүп берсек деле, айрым жерлерде иш-чаралар начар жүргүзүлүп келүүдө. Ошондуктан, биринчи жетекчилер күч-каражаттарды туура бөлүштүрүп, өздүк курамдын ишмердигин уюштурууу;
- Жарандарды кабыл алып, арыз-даттанууларын угуп чектелбестен, жеринде ыкчам көмөк көрсөтүп, маселесин ыкчам чечүү иштерин күчөтүү;
- Өздүк курамдын таалим-тарбиясына өзгөчө көңүл буруңуздар. Элдин нааразычылыгын жараткан талкууга түшпөй, алкышка ээ болууга аракеттерди жасоо;
- Санарип тармагын өркүндөтүү, анын ичинде “Коопсуз шаар” долбоорун республиканын бардык аймактарына жайылтуу жумуштарын колго алуу;
- Жер-жердеги ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан курулуштарды, оңдоп-түзөөлөрдү биринчи жетекчилер жеке көзөмөлгө алып, аягына чыгаруу;
- Жергиликтүү бийлик органдары, анын ичинде акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөр, айыл башчылары, аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештери, коомчулуктун активдүү өкүлдөрү менен биргеликте коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукту болтурбоо жаатында өз алдынча аракеттерди көрүү.
- Уурулуктарга, мал уурулуктарына, алдамчылыктарга жана элдин жашоо-турмушуна терс кедергисин тийгизген кылмыштарга бөгөт коюу иш-чараларын күчөтүү;
- Бардык багыттар боюнча профилактикалык иш-чаралар күчөтүңүздөр. Айрыкча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, коомдук жайларда болуп жаткан одоно тартип бузууларга бөгөт коюу жана жаш өспүрүмдөргө байланыштуу кылмыштарды болтурбоого басым жасоо;
- Жарандардын укуктарын коргоо маселеси - принципиалдуу багыт катары каралсын.
“Жогоруда аталган тапшырмаларды жеке өзүм көзөмөлгө алам, ал эми менин орун басарларым, ар кимиңиздер өз багытыңыздар боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштуруңуздар. Эгерде, аталган талаптар аткарылбай, кайсы бир аймактан кемчиликтер орун ала турган болсо, анда ошол аймакка жооптуу болгон биринчи жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлө турганын алдын ала эскертем. Эл арасында резонанс жараткан окуялар болуп кеткенден кийин чуркап калбай, аларды болтурбай, өз учурунда бөгөт коюу иштерине басым жасаңыздар.
Сиздерге негизги тапшырмаларды белгилеп өттүм, калган тапшырмаларды коллегиянын жүрүшүндө айтып өтөбүз”,-деди Улан Ниязбеков өз сөзүндө.