www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коллегиянын жүрүшүндө Улан Ниязбеков төмөндөгүлөргө токтолду: Негизинен алып караганда, аткарылган иштер былтыркы жылга салыштырмалуу жакшы. Бирок, абал жакшы деп отура бербестен, ар бир кылмышка, окуяга, укук бузууга карата талдоо жүргүзүп, мониторинг иштерин колго алып, алдын алуу профилактикалык чараларды күчөтүңүздөр. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күнгө чейин, кылмышка каршы күрөшүүгө, элге заманбап сервистик тейлөө көрсөтүүгө ылайыкташкан жаңы багыттарды калыптандырып, ишмердикти чыңдоо боюнча бир катар жакшы кадамдар жасалды. Жасаган кадамдардын натыйжасы, азыркы тапта өз жемишин берип жатат. Талдоо боюнча караганда, акыркы 10 жылда кылмыштын катталышы бүгүнкүдөй төмөн көрсөткүчкө түшкөн эмес. Кылмыштуулукту былтыркы жылга салыштырмалуу 46% төмөндөтүүгө жетиштик.
Эмне себептен деген суроо пайда болушу мүмкүн, ошондуктан тастыктама бере кетейин: Биринчиден - республика боюнча күнүгө 3 миң 500 кызматкерди коомдук жайларга, көчөлөргө, эл көп чогулган аймактарга чыгарып, кооптуу деп эсептелген жерлерге бекитип, кызматкерлердин ишмердигин тынымсыз 24 саат бою көзөмөлгө алып, эл арасында натыйжалуу профилактика иштерин уюштурдук.
Экинчиден - Жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде кылмыштуулук жана укук бузуулар орун алышы мүмкүн болгон жайларга 230 видео-камера орнотуп, санарип жаңы ыкма менен иш алып баруунун натыйжасында кылмыштын бетин ачуу былтыркы жылга салыштырмалуу 25% жакшырды.
Эгерде мурда оор жана өтө оор кылмыштар кадимкидей көрүнүш болсо, азыр анын саны 40% кескин түрдө азайып, бетинин ачылуусу 8,2% жакшырды. “Милициянын көчмө кабылдамасы”, “Жылып жүрүүчү кайгуул посттору” күнүгө элге жолугуп, түшүндүрүү жана алдын алуу иштеринин негизинде, коомдук жайлардагы кылмыштарды 21,1% азайтууга жетиштик.
Жалпылап белгилегенде, бул эмгектин бардыгы жер-жердеги кызматкерлердин түздөн-түз эмгеги жана ал үчүн шаардагы, райондогу, айылдык милиция бөлүмдөгү кызматкерлерге ыраазычылык билдирем. Милициянын укугу кеңейгени аймактарга видео-камералар орнотулганы, анын ичинде адам жүзүн тааныган камералар бар экендиги, жаңы автоунаалар, күжүрмөн техникалар, заманбап аппараттар, байланыш рациялар, жаңы форма, планшет, боди камералар ишке киргендиги, милициянын ишмердиги ыкчам жана тез тартипке өткөндүгү коомго кеңири жеткирилди, натыйжада катталган кылмыштардын бардык түрлөрү төмөндөдү. Бул маалыматтарды сиздерге эмне себептен айтып жатам? Анткени, жер-жерлерде элдин коопсуздугун сактап, жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жакшы шарттар түзүлсө, көрсөткүчтөр мындан дагы жакшы болмок.
Тилекке каршы, арабызда Ички иштер министрлиги видео-камераларды качан орнотуп берет, качан автоунааларды жана оргтехникаларды сатып берет деп күтүп, ушул убакка чейин өз алдынча аракет жасабай жүргөн жетекчилер бар. Урматтуу жер-жердеги жетекчилер, элдин коопсуздугу үчүн, элге жаңы ыңгайлуу шарттарды түзүү, сервистик тейлөө көрсөтүүнү андан ары өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзбөй, жетекчиликти карап отура бербестен, өз алдынча аракеттерди жасаңыздар.Мүнөт сайын жаңыланып, мүмкүнчүлүгү улам жакшырып жаткан санариптик мейкиндикти колдонуу процессин ишке ашырыңыздар. Автоматтык түрдө маалымат алуу, жеринде ыкчам чараларды көрүү, туруктуу негизде жарандардын коопсуздугун камсыздоого өтүңүздөр.
Буга чейинки болуп өткөн коллегияларда, аппараттык кеңешмелерде жер-жерлерде видео-камераларды орнотуу боюнча тапшырмаларды бергем. Бирок, тапшырмалар толук кандуу аткарыла элек. Бүгүнкү күндө, коомдук жайларга мониторинг жүргүзүп жаткан видео-камералар жетишсиз. Абалды жөнгө салуу үчүн, айыл өкмөттөр, жергиликтүү бийлик органдары, ишканалар жана жардам берүүгө мүмкүндүгү бар жарандар менен сүйлөшүп, тиешелүү жерлерге видео-камераларды орнотуңуздар.
Элдин арыз-даттанууларына ыкчам таасир берип, коопсуздукту жогорулатуу максатында, абалга реалдуу режимде мониторинг жүргүзүү - милициянын негизги приоритети катары кабыл алыңыздар. Сиздер тараптан орнотулган ар бир камера Ички иштер министрлигинин Ыкчам башкаруу борборуна туташат жана андан ары тыгыз аракетте ишмердик жүргүзүлөт.
Бирок, жер-жердеги башкармалыктардын жетекчилери санариптик ыкманы колдонуу менен иш-чараларды жетиштүү деңгээлде көрсөтө албай жатасыздар. Көрсөткүчтү жакшыртууга цифраны кууп иштебей, элдин накта арыз-муңун канаттандырып, жарандарды кылмыштуу кол салуулардан коргоп, эл үчүн иш алып барууну талап кылам.
Быйылкы жылдын 3 айында жана былтыркы жылы бети ачылбай калган кылмыштардын бетин ачып, элге келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу иштери жүргүзүлсүн. Мындан ары кайсы бир райондо же шаарда кылмыштуулук өсүп, анын бетин ачуу начарлап, жергиликтүү тургундар Ички иштер министрлигине чейин келип арызданып, коомдук жайларда алдын алуу иштери начарлай турган болсо, анда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, облустук жана шаардык башкармалыктардын жетекчилерине чара көрүлөт. Бул талапты шаардык, райондук, айылдык милиция бөлүмдөрүнө жеткирип коюңуздар. Кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу иштери мектеп окуучуларынан баштап, бардык жарандар арасында туруктуу негизде жүргүзүлсүн.
Жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз байланышта иш алып барып, элге туура маалыматтарды жеткирип, ар түрдүү чагымчыл аракеттерге жол берилбесин. Интернет жана социалдык тармактарга чыгып жаткан элдин көйгөйүн, ошол жердеги тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге жеринде чечүүгө карата иштерди алып барыңыздар.