www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министри Улан Ниязбеков түркиялык кесиптеши Али Ерлакия менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Улан Ниязбеков Али Ерлакияны Түркиянын ички иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
"Сизди, Түркиянын Ички иштер министри кызматына дайындалышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул дайындоо Сиздин мурда иштеген кызматтарда жасаган ак эмгегиңизди, жараткан ийгиликтериңиз өлкө жетекчилиги тарабынан жогору бааланып жана ошону менен бирге эле Сизге болгон чоң ишеними деп билемин. Сиздин буга чейинки ээлеген, эл менен тыгыз иштеген жооптуу жетекчилик кызмат орундарыңыз, чоң тажрыйбаңыз, өнүгүп жаткан Түрк мамлекетинин коопсуздугу, жарандардын бейпил жашоосу үчүн түрк полициясынын кызмат кылуусун мындан ары да жаңы жетишкендиктер менен өнүгүшүнө салым кошооруңузду билебиз.
Достук мамилесин мындан ары да биргеликте өнүктүрө беребиз деп толук ишенемин. Жакын арада Кыргызстанда же Түркияда жолугушуп, бетме-бет отуруп, коопсуздук жаатында биргелешип кызматташыбыз деген пикирдемин", -дейт ал.
Жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери жакын арада пландаштырылган иш сапарларды жана иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча биргеликте күч-аракет жумшоого макулдашышты.
Булак: NazarNews.kg