www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 26-августунда Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрүп, сентябрь айынын башында жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылы башталаарын, ушуга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү керектигин эскертти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМ башчысы жалпы билим берүү мекемелеринде милиция кызматкерлери тынымсыз жолугушууларды уюштуруп, кылмыштуулукка жана укук бузууларга жол бербөө, жол кыймылынын эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты.

Жогорудагылардын негизинде Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына төмөнкүдөй тапшырмаларды койду. Алар:

-Жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тараптан жасалган кылмыштарга бөгөт коюу иштери күчөтүлгөн тартипте алып барылсын;

-Жаш өспүрүмдөргө байланыштуу же өспүрүмдөрдүн катышуусунда резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин;

-Мектеп мугалимдери, ата-энелер комитети, балдар иштери боюнча социалдык бөлүмдөр, жаштар уюмдары менен чогуу “Биргелешкен иш-мерчем” түзүп, ким кайсы багыт боюнча иш алып барат деген милдеттерди так белгилеп, натыйжалуу жумуштар жүргүзүлсүн;

-Жалпы билим берүү мекемелеринде болуп өтө турган иш-чараларга, ошол жердин жетекчилиги жооптуу болуп эсептелсе, мектептен тышкары ата-энелер жооптуу экендигин коомчулукка туура жеткирип коюңуздар.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости