www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гезиттин өткөн сандарында полковник Улан Султановго кайрылганбыз. “Бишкек шаарынын 6-кичирайонундагы батирден 100 миң доллар уурдалып, кылмышка шектүү жашырылып, айып башка бирөөгө илингенби?

Береги акчаны ал кездеги Октябрь РИИБинин начальниги Улан Султанов, анын орун басары Азиз Бекназаров (Кашкар Жунушалиевдин аяш уулу), ГОМдун начальниги үчөө бөлүп алышты беле?” деген маанайдагы суроолорду берген элек.

“Ак” же “көк” деп жооп айтканга жарашпады. Бул кылмыштар боюнча соттук процесстер бүтпөй, будаланып атабы? ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын начальниги Азамат Жумабаев кыңыр ишти жашырып, көзөмөлдөп отурабы? Ачыктык кайда?

Баса, Улан Султанов Ысык-Көлдөгү Costa-Brava эс алуучу элиталык комплекстен коттеджди кайсы миллиондоруна сатып алган? “Иттин өлүгү көмүлгөн жерге” жакындап калдыкпы? Кыскасы, ушул суроолор боюнча жооп беришсе, “Азия Ньюс” гезитине жарык көрмөкчү. Андан аркысын дагы көрөбүз...

Булак: Азия News гезити

Последние новости