www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“COVID19” жугуштуу илдетинен улам өлкөгө киргизилген  өзгөчө абал учурунда Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милдетин аркалаган Нарын ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиев менен аталган аймактагы абал, кырдаал учурундагы кыйынчылыктар, анын кесепеттери, сабактары туурасында сөз кылдык.

--Улан мырза, тоо койнундагы эркин элди кандайдыр бир чектөөгө алуу кыйынчылык туудурса керек? Сиз үчүн өзгөчө абал учурунда эң оор түйшүк эмне болду?

--Нарын облусу өзгөчө абалга  чейин өзгөчө кырдаал режиминде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барып жаттык. Иш учурунда ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болдук, жөө жүргүнчүлөрдүн, автоунаалардын кыймылы көп болуп, эл менен кызматкерлердин ортосунда түшүнбөстүктөр да пайда болуп жатты. Ошол эле маалда өзгөчө кырдаал учурунда эл арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз, байма-бай жүргүзүлүп жаткандыктан кыйынчылыктарды өз учурунда жеңип, өзгөчө абал режимине жеңил шарт менен кирүүгө жол ачылды. Ал эми өзгөчө абал режими менен коменданттык саат киргизилген күндөн баштап тартип, укук бузуу фактылары анча көп катталган жок. Себеби, менин жеке оюмча буга чейинки иштеген ишибиздин жыйынтыгынан улам эл кырдаалды толук түшүндү. Баарынан да мен үчүн өзгөчө абал учурунда  эң оор түйшүк жараткан бул жамандык жакшылыктарга чектөө киргизилгени болду. Бир мисал айтайын, Нарын районунда бир жаран каза болуп, ал жерде эң жакын туугандары, тактап айтканда 22 гана адам катышып өздөрү акыркы сапарга узатышты. Канткен менен калыптанып калган салт-санаа, каада дегенден шарт эле баш буруп кетүү баардык эле адамга абдан оор таасирин тийгизбей койбойт. Ушундай учурлар жүрөктө калды.

Бул оору чындыгында айттырып келбейт экен, көзгө да көрүнбөгөн коркунучтуу жугуштуу оору же, тилсиз жоо менен күрөшүүгө бизге КР ИИМнин, чек ара, аскер кызматкерлери, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери жардам берип көмөк көрсөтүп жатышты. Негизинен баардык иш аракетибиз, кылган кызматыбыз жана эмгегибиз эл  үчүн, элдин коопсуздугу үчүн болду деп айтсам жаңылышпайм.

-- Жалпы аймак боюнча канча карантиндик пост уюштурулуп, канча кызматкер иш алып барды?

--Нарын облусунун аймагында жалпы облустар аралык чектешкен аймактарда 3 санитардык-карантиндик посттор уюштурулган. Бул посттор бүгүнкү күндө да өз ишин улантууда. Алар  Кочкор районундагы Сары-Чат, Ак-Талаа районундагы Ак-Тал-Чат жана Жумгал районундагы Арал посттору.

Ал эми Нарын облусунун ичинде жалпы 18 санитардык-карантиндик посттор иш алып барышты. Мындан тышкары өзгөчө абал учурунда Ат-Башы районунда 8 блок  пост жана 5 фильтрациялык (чыпкалоочу) посттор иштеп жатты. 

Оорунун очогу болгон Ат-Башы районунун аймагында жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, коопсуздугун, коомдук тартипти камсыз кылуу, ошондой эле «Коронавирус» инфекциясынын Нарын облусунун башка аймактарына таралышына жайылышына жол бербөө максатында кызмат өтөө үчүн кызматтык иш сапарга Нарын ОИИБдин 37, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондук ички иштер бөлүмүнөн жалпы 20 кызматкер, КР ИИМнин Шумкар АБПнын 41, Ысык- Көл ОИИБнан Баңги затка каршы күрөшүү кызматынан 4, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жөө аскерлеринин жана Нарын шаарындагы чек ара кызматынан жалпы 77 кызматкер 2020-жылдын 15-апрель күнү келишип, 2020-жылдын 10-май күнүнө чейин кызмат өтөп беришти. Ошондой эле облустун аймагындагы шаар, райондор жана айылдар аралык посттор уюштурулуп, аларда милиция кызматкерлери жана тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери күнү түнү кезмет менен иш алып барышты.

--Жергиликтүү эл ыктыярдуу кошуун уюштуруп жардамга келип жатышты. Мындай кошуундардын ишинин натыйжалары кандай болуп жатты жана сиздердин ишти жеңилдетүүгө жардамы тийдиби?

--Жергиликтүү элдерден турган ыктыярдуу элдик кошуундар милиция кызматкерлерине өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери учурунда жакшы жардамдарын беришти. Алар өз ыктыярлары менен блок посттордо турган кызматкерлерге жана обсервациялык пункттарын кайтарып турган кызматкерлерге тамак-ашын даярдап, алып келип берип жатышты. Андан тышкары айыл ичиндеги чыпкалоочу постторго өз каалоолору менен кезметке турушту. Жергиликтүү элдин постторго туруп жардам кылганы бизге аябай жакшы жеңилдик болуп жатты. Себеби Ат-Башы районунда илдет көп болгондуктан жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери өздөрүнүн жашоочулары менен биргеликте жүргүзүлгөндүгүнөн улам жарандар болуп жаткан абалды туура түшүнүү менен кабыл алып жатышты. 

Бул илдет менен алышууда милиция кызматкерлерине айылдардагы жергиликтүү калктан чогулган атайын элдик кошуундар чоң жардам көрсөтүштү. Алар жеңилди жерден, оорду колдон алып турушту.
Мына азыр баарыбыз жапа тырмак кылган ишибиз жакшы жыйынтык болуп, облус илдетти жеңип келе жатат. Облуска кирген өзгөчө абал учурунда Нарын облусунун жана Ат-Башы районунун комендантурасынын алдында түзүлгөн топтор тынымсыз иштеди. Алар күнү-түнү байланышка чыккан 2000 (эки миң) ден ашуун жарандардын суроолоруна жооп берилди.

Ошондой эле облуста мамлекеттик жана жеке уюмдар максаттуу иш алып барып, облус боюнча 26, 428 (жыйырма алты миң төрт жүз жыйырма сегиз) адамга жардам көрсөтүлдү. 

--Нарын чөлкөмүндө вируска кабылгандар арасында, атургай жөнөкөй карапайым жарандар арасында да карантинге каршы чыккандар болуп жатты. Талапка баш ийбей, дарылануудан да баш тартып, ооруканадан качып жаткандар болду. Ал ортодо митингге да чыгышты. Буларга кандай чаралар көрүлдү? Аларга карата түшүндүрүү иштери кандай өңүттө жүргүзүлдү?

--Тилекке каршы биздин облустун аймагында да илдетке кабылган жарандар арасында түшүнбөстүктөр болуп, социалдык тармактарга чыккан учурлар кездешип жатты. Арийне, дүйнө жүзү күрөшүп жаткан бул пандемия абалында кемчиликтер кетпей койгон жок. Аны туура түшүнүү менен кабыл ала билүү кажет деп ойлойм.

Ал эми биз тараптан баардыгына өз убагында көңүл бурулуп, жарандардын баардык аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн Маалыматтарды эсепке алуу журналына жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, териштирүү иштери мыйзамга ылайык жүргүзүлүүдө. Бирок азыркы учурда териштирүүлөр убактылуу токтотулуп турат, себеби жарандар ооруканадан чыгышып үй карантинине чыгарылгандыктан аларга сурак жүргүзүүгө мүмкүн эмес болууда.
КР Бузуулар жөнүндөгү Кодексинин негизинде укук бузган жарандарга мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар каралган. Ал эми кылмыштын жана жоруктун белгилери аныкталбаган учурларда мыйзамга ылайык материалдар номенклатуралык делого чыгышталып жатты.

Жогоруда сиз айткандай көрүнүштөрдү болтурбоо максатында үй бүлөлүк дарыгерлер борбору, санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен жарандарга тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатты. Мисалы үй карантинине чыгарылып жаткан учурларда жарандардын үй каратининин эрежелерин туура сактоосу жана аткаруусу боюнча милдеттенме алынып жатты. Мындан тышкары массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу да маалыматтар берилип турду.

--Комендант катары айтсаңыз, бул илдет, анын кесепеттери элдин аң сезимине кандай таасир эте алды?

--Биздин жарандар, жалпы эле кыргыз эли бул жугуштуу илдетке башында терең маани бербей жаткандыгы ырас. Качан гана бул илдет биздин өлкөдө жана ар бир облуста кездеше баштаганда гана жарандар маани берип сактанып жатышты. Нарын эли өзгөчө абалдын эрежесин гана сактабастан ага туруштук берип, баардыгы кылып жаткан иштерин токтотуп, коронавирус илдети коркунучтуу экенин, андан үйдө болуп гана сактануу керек экенин түшүнүп, биз тараптан коюлган баардык талаптарга баш ийип беришти.

Эң башкысы, бул сыноо, кырдаал үй-бүлөлүк тутумга абдан чоң таасирин берди. Айрым бир үй-бүлөгө кайдыгер карагандар, же заман агымы деп индивидулалдуулукту туу тутуп бара жаткандар үй бүлө деген ыйык жана баарынан бийик тураарын, ага аяр мамиле кылыш керектигин аңдашты. Бул оору адамгерчилик сапатка да тараза болуп берди. Дегеним, байлык эч нерсе эмес экендиги, денсоолук башкы орунда болуш керектиги, адамдарга атаандаш же терс көз карашта болбостон боорукерлик менен мамиле кыла билүүнү үйрөттү. Айтып жаткандарымдын ар бирине далилди кырдаал учурунда эл аралап жүрүп өз көзүм менен көрүп, күбө болдум.  

Мен учурдан пайдаланып Нарын облустук ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына жана КР ИИМнин келген Шумкар АБПнын кызматкерлерине, Ысык- Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Баңги затка каршы күрөшүү кызматына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жөө аскерлерине, Мамлекеттик Чек ара кызматынын кызматкерлерине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жалпы эле COVID19 жугуштуу илдеттин алдын алууда чогуу бирге болгон күч аракеттерин жумшап тикесинен тик туруп элим жерим деп иштеген жалпы кызматкерлерине мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө, элибиздин келечектеги бейпил жашоосу үчүн кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиремин.

Жалпы кыргыз элиме ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, тынчылык, аманчылык жана жаман оору сыркоолордон алыс болушуңуздарды каалап кетмекчимин!!!

Маектешкен Кубаныч Зайнидинов

Булак: NazarNews.org

Последние новости