www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз киноактёру жана сүрөтчү Уланбек Султангазиев Бостон эл аралык кинофестивалында "Мыкты мырза каарманы" наамын жеңип алды. Фестиваль сентябрь айында АКШда онлайн форматта өткөн.

Маалыматка караганда, ал "Жамгырдан кийин" тасмасында жараткан образы үчүн сыйлыкка ээ болгон.

"Наам утуп алганымды тасманын режиссёру Чыңгыз Нарыновдон уктум. Биринчи жолу укканда ишенип, ишенбей, сүйүнгөн деле жокмун. Ал тасманын фестивалдарга катышып жүргөнүн дагы билбептирмин. Эмне болгон фестиваль деп киночулардан сурасам баары эле куттуктап, бул деген чоң жетишкендик дешти. Бул наамды Кыргыз өлкөсүнөн биринчи жолу мен алыптырмын. Фестиваль тууралуу маалыматтарды тактап, билгенден кийин гана жакындарыма айттым.

Бул сыйлык мага гана эмес, "Жамгырдан кийин" тасмасынын жалпы жамаатына таандык. Бул тасмага тартылбай калмакмын. Чолпонайым Бөрүбаева мен Түркияда жүргөндө тасмага тартылууга чакырган, ага ыраазычылык билдирем. Анткени ал мени 3 жолу чакырган, үчүнчүсүндө гана макул болуп келгем", - дейт актёр.

Уланбек Султангазиев кино жаатына 2009-жылдан тарта аралаша баштаган. Тартылган белгилүү тасмалары: "Аят" - 1, 2, 3, "Эркектер", "Талас-Бишкек", "Гаишники", "Кандуу сүйүү", "Соолуган карек", "Кандуу сүйүү-2", "Сен эмне кылмаксың?", "Ээнсиреген үй", "Карт-Бойдок-2", "Тагдыр", "Жамгырдан кийин" жана башкалар. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости