www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМдин Биринчи саясий департаментинин жетекчиси Уланбек Тотуяев "Тажикстан КР жараны болгон этникалык кыргыздарды чыгарууда" деген маалымат боюнча үн катты.

Белгилей кетсек, 4-майда айрым ЖМКлар Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган кыргыз паспорту бар тургундарды депортациялай баштады деп жазышкан. Анда тажик тарап кыргыздардан жарандыгынан баш тартууну талап кылып, болбосо өлкөдөн чыгарууда деп жазылган.

"Тажикстандын аймагында убактылуу жана туруктуу жашаган кыргыз жарандарын депортациялоо боюнча факты бизге маалым. Аталган маселени ТИМ ушул жылдын март айынан бери көзөмөлдөп жатат. Бул мезгилден тарта Жерге-Тал районунда Тажикстандын ИИМине караштуу паспорт-миграциялык кызматы текшерүү жүргүзө баштаган", — деп айтылат маалыматта.

Ал бул маселе тууралуу Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлери сүйлөшүп жатканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости