www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Улугбек мырза, маекти экс-депутат Садыр Жапаровдун абалынан баштасак, анын мойнун, тамырын кесип, жанкечтикке барганына үйбүлөсү ишенбей жатат. А сиз ишенесизби?
--Мындай ишти эч кимдин башына салбасын, жаман эле иш болду. Пендебиз да, болбой эле табалагандар да болду жана болууда. Адамдын башына кыйынчылык түшкөндө күлгөн, табалаган болбойт деп ойлойм. Бу адамдагы эң жаман сапат. Эми Садыр Жапаров бирөөгө жагабы, жакпайбы, ал кыргыздын баласы биринчиден. Экинчиден, мурдагы Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, өзүнүн көз карашы бар саясатчылардын бири. Үчүнчүдөн, Садыр Жапаровду УКМКнын СИЗОсуна эмес, № 1 СИЗОго алып барганы кызыктай көрүнүш болду. Анткени, саясатчылар, саясий маселе менен кармалган адамдар соттун өкүмү чыкканча УКМКнын СИЗОсунда кармалчу. Отурган жеринен “өзү мойнун, тамырын кесип салыптыр” деп бири айтса, экинчи жак: “өзү кеспейт, башкалар кесиптир” деп атат. Эки ача божомолдор айтылууда. Адвокат менен эле Акыйкатчы кирип, так маалымат алып, элдин алдына айтпаса, алдын ала бир нерсе айтуу кыйын. Негизи бу ишти Акыйкатчыбыз колго алып, тыкыр караш керек деп ойлойм. Анан дагы бир кейиштүү нерсе балдарынын кармалып, сабалып, камалышы болду. Ур-токмокко алынган балдары телефонго тартылып, ал социалдык түйүндөргө илинди. Баарыбыз көрдүк. Баарыбызда бала бар. Бу маселени сессияга алып чыгып, “Балдардын камалышы туура эмес болду. Ал боюнча Акыйкатчынын маалыматын угалы” деген сунушту киргизсем, тилекке каршы, эч ким колдогон жок. Бир гана Алманбет Шыкмаматов колдоду. Атасы үчүн баласы азап чеккен болбойт. Атасы кармалып, “болду эми чыкпайт!” деген сөздү уккан балдары ичи ачышып, балким, ашыкча кыймыл кылгандыр, эмоцияга алдырып кыйкыргандыр. Ал эми алар милицияга кол көтөрдүбү, жокпу, аны биле албайбыз. Кандай болгон күндө да ал балдарга айыбы угузулуп, айып пул төлөтүп чыгарып койсо болмок. Азыр эми бардыгы бир Кудайдын, анан Акыйкатчынын колунда.
--Акыйкатчы менен адвокаттардын кириши да кыйын болуп жатпайбы?
--Бу туура эмес көрүнүш. Анткени, мыйзам боюнча алардын кирүүгө укугу бар. Адвокат дагы киргенге мүмкүнчүлүк алып, тергөө амалдарына катышышы керек. Алар аркылуу эл чындыкты билип турат да. Билинбей, киргизбей жатса, анда элде жаман ойлор пайда болуп, күмөн жарала берет.
--Өмүрбек Текебаевдин кармалып, камалып жатышы боюнча кандай ойдосуз?
--Өмүрбек Чиркешович бакыйган бир партиянын башчысы, фракциянын лидери, Конституциянын “Атасы”, тажрыйбалуу саясатчы, бүгүнкү күндө иштеп аткан депутат. Бул иш боюнча да азыр иликтенип жатат. Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары барбаганын, эч нерсе албаганын, Маевский менен жолукпаганын айтып чыгышты, “Сентябрь” телеканалынан. КТР болсо башкача берип жатат. Талаш маселеге Сот гана чекит кое алат. Эми Өмүрбек Чиркешовичте Садыр Жапаровго окшогон маселе жок. Төрага менен кошо фракциянын лидерлери, биздин фракциянын башчысы Алтынбек Сулайманов да барып, кандай жерде, кандай абалда экенинен кабар алышкан. Алардан укканыбыз боюнча жакшы эле.
--УКМК дагы бир башка жагдай ачышты, “мародерлукка тиешеси бар” деген. Иши кылып Текебаевге бир ишти иле албай эле убара болуп жатышат. А сиз Текебаев мародерлукка барат деп ойлойсузбу?
--2010-жылы көп жаман иштер болгону баарына эле маалым. Балдарды ким атты? Кайсы жерден ким алды, эмне кылды?” деген суроолор көп, жооп жок. Анткени, ал саясий, тарыхый баасын ала элек. “Мародерлук” маселе ошондо эле, ошол кезде сессияда көтөрүлүп, каралган. Андагы ИИМ министри Зарылбек Рысалиев “далилим бар, “Ата Мекен” партиясынын тиешеси бар” деп чыкса, андагы генпрокурор Аида Салянова “тиешеси жок” деген. Бу дагы өз учурда саясий баасын алалбай калгандыктан, кайра козголду. Эми мен ойлойм, бу жерде Өмүрбек Чиркешовичтин тиешеси жок болуш керек. Бирок, катардагылары же партиянын мүчөсү болуп калышы мүмкүн. Же башка эле бирөө партиянын атын жамынышы ыктымал. 2010-жылдагы мародерлук боюнча түрмөдө отурган, кыргызча так сүйлөгөн Абдулла Юсупов сайрап атпайбы саатына чейин айтып. Саатына чейин саймедирилеп, анда да адашпай айтып жаткан адам дагы өзү ушу боюнча жоопко тартылышы керек. Ал жерде жүрсө, көрсө, анда бу да күнөө бар, эң биринчи күнөөкөр ушу да.
--Кандай болгон күндө да 7-апрель – кандуу күн. Бейкүнөө адамдар каза болду. Бу күнү сиз кайда болдуңуз эле?
--Албетте, ал күндү эстеш мен үчүн өтө оор. Анткени, бейкүнөө балдар каза болушту. Канча деген адамдар жаракат алды... Ал күн - 3-күн болчу, фракциялардын жыйын күнү эле. Бирок, кезексиз сессияга чакырылганбыз. 6-апрелде, Таласта болгон окуя, иштер боюнча так маалымат алуу үчүн чогулганбыз. Андагы Өкмөт башчы Үсөнов Данияр Токтогулович маалымат берип жатканда, саат 11лерде, “укук органдары менен элдин кагылышуусу болду “Форумдун” алдында” деп угуп калдык. Саат 12де сессия жабылды. Саат бирлерде эл Акүйдүн алдына келе баштады. Мен машина менен үйгө кетип баратып, филармониянын алдында милициянын машинасы аңтарылып жатканын көрдүм. Бөкөнбаевди көздөй чыкканда троллейбус туурасынан туруптур. Жол жабылып калган экен. Акыбал жакшы эмес экенин сездим. Ошентип үйгө жеттим. Анан саат үч-төрттөрдө Исхак Масалиев телефон чалып, Акыйкатчынын кабинетине келип калуумду айтты. Барсам, укук коргоочулар жана башка дагы адамдар бар экен. Төрдө Исхак Масалиев отуруптур. “Эл өкүлүсүңөр, элдин абалын Акүйгө барып айткыла” дешти, ал жерде отургандар. Макул болуп, чыгалы деп жатканда: “Исхак сен го сен. Улугбек “Ак жол” партиясынан да. Акүйгө жеткирбей, эл бир нерсе кылып коюшу мүмкүн” деп токтотуп калышты. Ошентип кайра үйгө кеттим. Үйдөн телевизордон көрүп аттым. Өтө жаман нерсе болду. Кыргыз эли үчүн чоң трагедия, чоң жоготуу болду. Дагы бир жолу айтам, буга тарыхый баа берилиши керек! Ким атты? Ал кайда? Неге кармалбайт? “Снайперлер атты, кармайбыз”дешкен эле, кармалган жок. Түшүнүксүз болуп калды. Негизи мен төңкөрүшкө каршымын, тээ башынан эле. 2005-жылда деле каршы болгом, “тынчтык жолу менен, мыйзам жолу менен бийлик алмашсын!” деп. Төңкөрүш 2005-жылы кансыз болсо, 2010-жылы кандуу болду. Андан кийин ордолуу Ошто да кандуу окуя болду. Ушунун баары сабак болуп, эч качан кайталанбашы керек! Биз “сен, мен” деп турганда үчүнчү күч кирип, кыйратып кетиши мүмкүн. Мына коркунуч кайда жатат?! Ушундан сак болушубуз керек! Ынтымакка келели! Шайлоону күтөлү! Шайлоого аз эле калды, чыдайлы!
--Туура, мыйзам жолу менен бийлик алмашканды эл деле каалайт. Бирок, келген ажолор кечээгини унутуп, аша чаап кетип жатпайбы. Камоо, сабоо башталды. Кымбатчылык. Баягы эле көрүнүш. Эмне өзгөрдү?
--Мына бийлик алмашканына 7 жыл болуптур. “7 жыл ичинде эмне өзгөрүү болду?” деген суроо баарында турат. Кадр маселесине нааразычылык күч. “Ал Акаевдин кадры”, “Тигил Бакиевдин кадры” деп эле келатышат. Ушул сөздү таштап, ишке өтсөк жакшы болот эле. Акаев, Бакиев менен кимдер гана иштеген эмес.
--Мына сиз деле Бакиев бийлигинде иштегенсиз, “Ак жол” партиясынан депутат болгонсуз. Ал партияны жакында эле айтып алдыңыз. Эмнеге айтып алдыңыз?
--(Күлүп) Механикалык ката кетти десем болот. Ал күнү Айыл өкмөттөрүнүн маселеси 2-окууда каралып, мыйзамга өзгөртүү киргизилип, талкуу болуп жаткан. Өзгөртүүгө киргизген авторлорунун бири мен элем. Автор катары кол көтөрсөм, төрага такыр эле көрбөй койду. Анан ортоңку микрофонго чыгып, оюмду айтып, отуруп калдым. Отургандан кийин, “Бир бол” эмес, Ак жол” деп айтып алдың. Чыгып кайра оңдоо киргизип кой, башкача сөз кетет” деп коллегаларым айтып калды. Чыны таңгалдым, “ошентип айттымбы?” деп. Кимдер гана жаңылган эмес, көп эле депутаттар жаңылган. Мындан бөйрөктөн шыйрак чыгарып, жумурткадан кыр чыгаруунун кереги жок болчу. “Ошол заманды эңсеп атыптыр, сагынып калыптыр” деп журналисттер жазып чыгышты. КТРден аябай беришти. Менден деле сурап коюшса жакшы болмок. Бир жактуу бергенди журналисттер токтотсо жакшы болмок. Катачылык айрым бир журналисттерден да кетип жатат. Туура, “Ак жол” партиясынан депутат, атүгүл жетекчиси болуп иштегем, аны танбайм. Бу жакта андан дагы көп зарыл, маанилүү маселелер турса, ушуну чоң маселеге айлантып жибериштин кажети жок болчу. Азыркы парламентте, ар кайсы фракцияда “Ак жолдон” он депутат отурат. Акаев, Бакиевдин кезинде премьер-министр болгондор бар. Анан эле анын билимине, тажрыйбасына, адистигине карабай, жектей берген болбойт да. Мисалы, Акылбек Жапаров мыкты экономист, Мыктыбек Абдылдаев мыкты юрист. Ким тана алат? Мыктыбек Юсуповичтен бардык фракциянын депутаттарды юридикалык жактан сурап, маалымат алышат. Ал киши да эч кимге жок дебейт, болгон нерсенин баарын айтып берет. Алардын билимин, күчүн пайдалануу зарыл! Негизи парламентке ушундай билимдүү, мыйзам жазганды билген киши келиш керек! Ар бир тармакка өзүнүн ишин жакшы билген адис адам барса жакшы болмок. А бизде кандай болуп жатат? “Ушул мени кечээ колдоду эле, көчөгө чыгып кыйкырды эле” деген “эмгегин” баалап, кызматка алып келүүдө. Ошол иштин көзүн таппаган, билбеген адис барган үчүн мамлекет өнүкпөй жатат да.
--Бул жагынан туура баа бердиңиз. Азыркы парламентке ошондойлор көп келди да. Ошон үчүн унчукпай отурушат, маанилүү маселелерге да көз жумуп... Депутат Бакыт Төрөбаев: “эч нерсе чече албасак, анда тарайлы” деп туура айтты. Тарап эле кеткениңер оң го, дейм?
--“Ушул парламент начар иштеди” деген сөз жалпы коомчулукта болуп жатканы ырас. Акыркы маселелерге баа бере албаганыбыз үчүн “балык”, “страус” жана башка деген аттарга кондук. Парламент деген ушу да, баары коомчулукка ачык көрүнүп турат. Элдин көңүл борборунда турабыз. Аябай сынга кабылабыз. Негизи идеалдуу парламент болбойт. Эртеңки келген деле парламент элге жакпайт. Элге жагуу кыйын. Ал эми кесиптешим Бакыт Төрөбаевдин сөзүнө кошулам, туура айтты. Бирок, бардык нерсе мыйзам чегинде шайлоо менен болгону жакшы.
--Дагы бир кесиптешиңиз Ирина Карамушкинанын сөзүн колдойсузбу? Орус тили бизде кор болуп атабы?
--Орус тили коргоого муктаж эмес, кыргыз тили муктаж. Кыргыз тилинде бала бакча жок. Бардык жердеги иш кагаздарыбыз орус тилинде. Кыргыз тилине караганда орус тилинде көп сүйлөйбүз. Башка улуттун өкүлдөрүн кыргызча сүйлө деп кыйнаган жокпуз. Ирина Карамушкинанын тил маселеси боюнча сөз айтканы – бул факт. Ал жерде айтканы боюнча жоопко тартуу биздин иш эмес, партиянын иши. Тагырагы, өз фракциясынын ичинде катуу талкууланышы керек! Катуу талкууга алынган окшойт, анткени, сессияда коллегаларынын, дин өкүлдөрүнөн кечирим сурап, андагы сүйлөгөн сөзү боюнча дискти УКМКга тапшырды. Кечирим сураганы кемчилигин сезгени.
--Кемчилик демекчи, “ түндүк-түштүк” деген “оорубузду” кантип жеңебиз?
--Менин келинчегим Токмоктон болот. Чогуу түтүн булатып келатканыбызга 30 жылдан ашты. Баш кошконубузда да кудалар да кудайга шүгүр, сүйүнүп, тил табышкан. Мурда андай бөлүнүп, жарынуу жок болчу. Башка мамлекеттен көрсөң, “Кыргызстандык экен, “кыргыз экен” деп сүйүнчүбүз. “Дос жүз жылдык, куда миң жылдык” деп бекер айтылбайт да. Кыз берип, кыз алып, куда күтүп, дос болуп, бу “ооруну” жеңбесек, жеңе албайбыз. Себеби, 25 жылдан саясатчылар бөлүп-жарып, элге сиңип кетти. Болгон кемчилигибизди жеңип, ынтымактуу болсок деп тилейм. Ынтымак болсок эле бизге эч ким тийише албайт! “Ырыс алды – ынтымак” деп бекер айтылган эмес да. Элибизде ынтымак болсо эле ырыс-кешиктүү болобуз!
Маектешкен Назира БАЯН кызы
Булак: NazarNews.kg