www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Депутат Дастан Бекешев коомчулукта талаш-тартыш жаратып жаткан вакцина маселесине токтолуп: "Өкмөт атайын муздаткыч жок экенин айтып, айрым вакциналарды алуудан баш тартып жатканы айтылып жатат. Андыктан, тиешелүү министрлик коомчулукка ачык-айкын маалымат бериши керек. Бизге кандай вакцина керектигин далилдүү көрсөтүп бериши шарт", - деди.

Ал эми депутат Улугбек Садиков Өкмөткө кайрылып "Акыркы жарым жылдын ичинде Ош жана Жалал-Абад облустарында талап-тоноо кылмыштары көбөйүп кетти. Айрыкча, акча алмаштыруучу жайларда көп болууда. Өзүбүздөгү ички мыйзамдуулукту сактап, кылмыштуулукту качан токтотобуз? Коопсуздукту коргоочу кызматтар качан алгылыктуу иш алып барат?" - деген суроо койду.  

Ошондой эле депутат Айнура Осмонова ошол эле Жалал-Абад курортунун аймагында 200дөн ашуун турак-жайдын документи жок экенине токтолуп, аларды мыйзамдаштырып берүү керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости