www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент Акылбек Жапаровдун сөздөрүнө ишенип жатканына караганда аны жоопко тартышы мүмкүн», - деди бүгүн, 20-январда NazarNews маалымат агенттигине Улукбек Маматаев.

- Улукбек мырза, Акылбек Жапаровдун министрлер кабинетин жетектегенине туура 100 күн болуптур. 100 күндө ал жогору жактагыларды жана элди ынандырган убадаларын аткардыбы?

- Акылбек Жапаров Кыргызтандын эгемен тарыхында канча президент болсо, ошолордун баары менен иштеди. Ошондон эле билип койсок болот бул кишинин кандай адис экенин, айткылачы кайсы бийликтин учурунда, же кайсы президент бул кишинин айтканын угуп элдин жашоосун оңдоду эле.

Мен азыркы президентке анын логикасына такыр түшүнбөй койдум. Президент Жапаров балким экономиканы анча түшүнбөйт. Же Акылбек Жапаровго ишеним артып жатканын да себеби болсо керек деп ойлойм.

Анткени, Акылбек Жапаровдун сөздөрүнө ишенип жатканына караганда, баарын билип туруп эле экономикадагы жетишсиздиктерди, президент тарабынан айтылган убадалардын баарын Акылбек  Жапаровго илип, аны туруп жоопко тартышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости