www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Садыр Жапаров өзүн диктатор катары көрсөткүсү келбесе, күчтүү оппозиция түзүүгө кол-кабыш кылсын», - деди бүгүн, 4-мартта, NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Улукбек Маматаев.

- Улук байке, жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймылдын мүчөсү экенсиз. Жаңы түзүлүп жаткан оппозициялык кыймылдын негизги максаты эмне?

- Биз оппозициялык кыймылды телегейибиздин тегизинен, жашообуздун жакшысынан түзгөн жокпуз. Өкмөт антикризистик программасын айтпай жатканынан, элдин жашоосу күндөн күнгө оорлой баштаганынан түздүк.

Өкмөт антикризистик программаларын айтпаса, биз сурайлы дедик. Бийликтегилер бизден кооптонбой эле койсун. Оппозициялык кыймылга чогулгандардын баары демократтар, мыйзамды сыйлаган адамдар.

Тагыраагы, оппозициялык кыймылдагылар бийликти басып алып, конституцияга каршы иш кылбайт. Ошон үчүн жогору жактагылар бизди каралатпай деле койсо болот.

Оппозициясы жок мамлекет диктатордун мамлекети болуп калат. Садыр Жапаров өзүн дүйнөлүк коомчулукка диктатор катары көрсөткүсү келбесе, оппозицияны колдоп, куугунтуктабай күчтүү оппозиция түзүүгө кол-кабыш кылсын. Программаларыбызды абалдан чыгууга колдонушсун.

Анткени, оппозиция да Кыргызстандын жараны. Алар да мамлекет үчүн күйөт, мамлекет оңолсун дейт. Азыр жалаң батышчылдар оппозиция болуп алыптыр деген маалымат таркатып, бизди жаман көрсөтө башташты. Мисалы, мен батышчыл эмесмин. Мага андай каралоолор өтпөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости