www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңештин жыйынын ачып жатып премьер-министр өкмөт инвестицияларды тартуу жана бизнести колдоо тармагында иштин ачык-айкын эрежелерин камсыздоо үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярдыгын өзгөчө белгиледи.

«Ченемдик укуктук документтерди жана ченем чыгаруу демилгелерин инвентаризациялоо, мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдүн кыскартуу жана укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан бизнеске басым жасоолорду түп-тамырынан жоюу боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө», - деди Улукбек Марипов жана жакынкы мезгилде Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөөрүн, анда талкуунун негизги бөлүгү бизнес жана инвестициялар, ошондой эле укук коргоо органдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана алардын кызмат адамдарынын өз ара аракеттенүүсү маселелери болорун кошумчалады.

Жыйындын күн тартибине ылайык 5 маселе каралды, анын ичинде Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңешинин катчысы Талайбек Койчумановдун 2020-жылдагы Кеңештин жыйындарынын чечимдерин аткаруу тууралуу маалыматы бар.

Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө белгиленгендей, 2021-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү, бизнес жүргүзүү шарттары жана бизнести өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган, COVID- 19 пандемиясына байланыштуу терс факторлорду аныктоого тийиштүү ишкерлердин пикирлерин топтоого багытталган сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Ушул сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү боюнча негизги бүтүмдөрдү жана сунуштарды келтирди.

Сурамжылоонун катышуучуларынын сунуштарынын негизинде эксперттер тарабынан Кеңештин чечимдеринин долбооруна киргизилген конкреттүү сунуштар иштелип чыкты. Атап айтсак, лицензиялык-уруксат берүү системасын оптимизациялоо, текшерүүлөрдү санариптештирүү, агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү, инвестициялык визалар, чакан жана орто ишкерликтин ишканаларына КНС кайтарууну жөнөкөйлөштүрүү.

Бардык маселелерди кеңири талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин чечими кабыл алынды, ага ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости