www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов БУУ Баш катчысынын жардамчысы, БУУ Өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча Аймактык бюросунун директору Мирьяна Сполярич Эггер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Марипов белгилегендей, Кыргызстан БУУӨП менен кызматташтууга өзгөчө маани берет.

«Министрлер Кабинети БУУ Өнүктүрүү программасына ар тараптуу жардам көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирет. Биз өз-ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча биргелешип иш жүргүзүүгө ниеттенүүдөбүз», - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча мындан аркы өз ара аракеттешүү жана кызматташуу маселелери көтөрүлдү.

Улукбек Марипов Баткен облусунун чек ара конуштарын өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Атап айтканда, жогорку натыйжалуу сугат тутумдарын, дыйканчылыктагы, кайра иштетүү өнөр жайындагы, инфраструктуралык объектилердин курулушундагы заманбап ыкмаларды жайгарууу талап кылынат», – деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы жолугушуунун жүрүшүндө климаттын өзгөрүүсү жана мөңгүлөрдү сактоо маселесин козгоду.

«Биз эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы аркылуу мөңгүлөрдүн абалына мониторинг жүргүзүүгө ниеттенүүдөбүз. Ошондой эле биз тараптан 2022-жылды Эл аралык тоолор жылы катары жарыяланышын БУУга демилгелөө жана анын алкагында Экинчи Бишкек глобалдык тоо саммитин («Бишкек + 20») өткөрүү маселеси иштелип жатат», - деди ал.

БУУ Баш катчысынын жардамчысы, БУУӨП Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча Аймактык бюросунун директору Мирьяна Сполярич Эггер өз кезегинде Кыргыз Республикасына калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча институттарды өркүндөтүү, жашыл экономиканы өнүктүрүү, санариптик трансформация, өнүктүрүү боюнча долбоорлорду каржылоо, анын ичинде адам укугун камсыздоо жаатындагы социалдык инстиутуттарды өнүктүрүү маселесинде көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар өз-ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жемиштүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости