www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр Улуттук банк 20,5 тонна алтын сатып алып, анын 19 тоннасы сатылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда парламенттин «Альянс» фракциясынын отурумунда Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Заир Чокоев билдирди.
Жыйында депутат Чыңгыз Айдарбеков Заир Чокоевге былтыр Улуттук банк 1 млрд доллардан ашык каражатка саткан 19 тонна алтын тууралуу суроо узатты.
«Ал 19 тонна чет өлкөдөн сатылган. Аны сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү 2021-жылы алмаштыруу курсун колдоо үчун пайдаланылган. Жаңылбасам 760 млн доллар кеткен. 250 млн доллар тышкы карызды төлөөгө кеткен. Ал эми калган бир аз бөлүгү банкта турат, ал Улуттук банктын акчасы», — деди ал.
Андан кийин Айдарбеков «ал 19 тонна алтын Улуттук банктын балансында турганбы?» деп сурады.
«Негизи былтыр 20,5 тонна алтын сатып алып, ал Швейцарияга которулган. Анын 19 тоннасы сатылды. Аны биз сатып алгандыктан, алтын Улуттук банктын баласында турган», — деди ал.
Ошондой эле депутат Айдарбеков «Кумтөрдүн» балансында турган 19 тонна тууралуу суроо узатты.
«Бул тууралуу «Кумтөрдөн» сураш керек. Менин маалымаыт жок. Түшүндүрүп коеюн, Улуттук банк «Кумтөрдөн» түздөн-түз алтын сатып албайт. Биз «Кыргызалтындан» сатып алабыз», — деди ал.
Булак: NazarNews.kg