www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк 853 миллион доллар сатты

Улуттук банк кечээ 29-июнда ушул жылдагы эң ири интервенция жасап, валюта базарына 222 миллион 550 миң доллар сатты.

Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 8-июнда 86 миллион 50 миң доллар саткан. Ага чейин валюта базарына 30-мартта 178 миллион 900 миң доллар, 10-мартта 140 миллион доллар, 19-январда 134 миллион 50 миң доллар, 6-февралда 109 миллион 950 миң доллар жана 27-февралда 162 миллион 550 миң доллар чыгарган.

Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 миллион доллар саткан.

Өлкөнүн негизги банкы доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

Последние новости