www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Доллардын баасынын өсүшүнө психологиялык фактор таасир этип жатканын Улуттук банк билдирди.

Ушу тапта АКШ валютасы орточо 93,63 сомдон сатып алынып, 94,61 сомдон сатылууда.

Башкы банк сомдун курсу ички рыноктогу чет элдик валютага болгон суроо-талапка жараша калыптанарын эске салды.

"Азыркы тапта ички валюта рыногунда долларга болгон суроо-талап сунуштан көп болуп жатат. Аны көбүнесе психологиялык факторлор шарттоодо", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк, мындан тышкары, абалга жана негизги соода өнөктөштөрдөгү кырдаалга көз салып жатканын белгиледи. Зарылдык жаралса курсту турукташтыруу үчүн интервенция жасоого даяр. 5-апрелге карата өлкөнүн алтын-валюта резерви 2 миллиард 626 миллион долларды түзөт.

Эске салсак, Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салып рублдин куну түшүп, доллардын баасы өсүп кеткен.

Анын таасири Кыргызстанга тийип, акыркы жылдары 85 сомдун тегерегинде кармалып турган доллар 106 сомго чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости