www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапатын тастыктаган сертификат менен бирге өзүнчө кутучада экени айтылган.

 Улуттук банк "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Евразия экономикалык бирлигине – 10 жыл" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Нацбанк Кыргызстана выпустил коллекционную монету ЕАЭС — 10 лет 

Маалыматка ылайык, аталган монета Кыргызстанда расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

"Коллекциялык монетанын алдыңкы бетинде ЕАЭБдин расмий эмблемасы, эмблеманы тегерете ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин желектери, ошондой эле өнүгүү динамикасын билдирген элементтер чагылдырылган. Монетанын сол жагында ЕАЭБдин юбилейлик датасы — "10 жыл" деген жазуу бар. Жээгинде "Евразия экономикалык бирлиги / Евразийский экономический союз" деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын арткы бетинин так ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан, ал эми оң жагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук орнаменттери, ошондой эле металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (31,10 g) көрсөтүлгөн. Жогору жана төмөн жагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики" деген жазуу, ал эми сол жагында монетанын номиналы (10), сомдун графикалык белгиси (С) жана чыгарылган жылы (2024) чагылдырылган", — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапатын тастыктаган сертификат менен бирге өзүнчө кутучада экени айтылды.

Коллекциялык монеталар Улуттук банктын мекемелеринин кассасында 5 780 сомго иш күндөрү саат 9:00дөн 14:00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылары кошумчаланган.

Белгилей кетсек, 29-майда ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жыл толот. Уюмга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мүчө.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости