www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын башынан бери Улуттук банк валюта рыногуна 9 жолу интервенция жасап, 1,47 миллиард доллар сатты. Мекеме бул сомдун курсун жасалма кармоо үчүн эмес, валютага болгон суроо-талап менен сунуштун ортосундагы убактылуу тең салмаксыздыкты жөнгө салуу максатында жүргүзүлгөнүн билдирди.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, өлкөдөгү экономикалык өсүш, импорттун жана тышкы сооданын көбөйүшү бизнес тарабынан чет элдик валютага болгон суроо-талапты күчөткөн. Ошондой эле интервенциялар сомдун кескин арзандашына жол бербей, инфляциянын өсүшүн жана импорттук товарлардын кымбаттап кетишин алдын алууга жардам берери белгиленди.

Последние новости