www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы 31-июлда эсептик ченди (негизги ченди) 13 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, бул чечим 1-августтан баштап күчүнө кирет.

"Бул чечим ички жана тышкы экономикалык чөйрөдө түптөлгөн өнүгүү шарттарын эске алуу менен кабыл алынган. Улуттук банк жүргүзүп жаткан акча-кредиттик саясаты дагы деле инфляцияга түрткү берүүчү факторлорду басаңдатуу багытында экендигин белгилеп кетүү зарыл. 2023-жылдын июль айында (21ине карата абал боюнча) инфляция жылдык мааниде 10,3 пайызды түзгөн, мында анын түзүмүндө азык-түлүк товарларына баанын өсүшү 2022-жылдын декабрындагы 15,8 пайыз деңгээлинен жылдык мааниде 6,9 пайызга чейин төмөндөгөн. Өлкөдө жалпы баа деңгээлинин кыйла жай төмөндөшүн бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы жана ички суроо-талаптын туруктуу кеңейиши шарттаган", - деди Улуттук банктын расмий өкүлү.

Ал кошумчалагандай, мында акча-кредит саясаты жагында буга чейин кабыл алынган чаралардын топтолгон таасири инфляция боюнча потенциалдуу тобокелдиктерди жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

"2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасы 3,9 пайызга өсүштү көрсөткөн, мында көбүрөөк салым кызмат көрсөтүү сектору тарабынан камсыз кылынган. Экономикалык жигердүүлүк да ички суроо-талаптын кеңейиши менен колдоого алынган. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын төмөндөө динамикасы ички баалардын динамикасына таасирин тийгизген", — деди ал.

Аида Карабаев кошумчалагандай, жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат курсу мурдагыдай эле орто мөөнөттүү мезгилде инфляция деңгээлин 5-7 пайызга чейин төмөндөтүүгө багытталган. Жалпысынан инфляциянын күндөлүк динамикасын баалоо Улуттук банктын күтүүлөрүнүн алкагында калат, мында өлкө экономикасында инфляцияга түрткү берген факторлордун сакталып турушу монетардык жана бюджет-салык саясатын андан ары ишке ашырууда макулдашылган кадамдарды талап кылат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости