www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банктын алтын кору ноябрда 4 млрд сомго азайды

1-ноябрга карата анын баасы 48 миллиард 328,7 миллион сомду түзгөн. Бирок декабрда кайра 44 миллиард 301,6 миллион сомго төмөндөгөн.

Кыргызстандын алтын-валюта кору ноябрь айында 4 миллиард сомго кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын ачык маалыматтарында айтылат.

1-ноябрга карата анын баасы 48 миллиард 328,7 миллион сомду түзгөн. Бирок декабрда кайра 44 миллиард 301,6 миллион сомго төмөндөгөн.

Бул жылы Улуттук банктын алтын активинин наркы бир топ өзгөргөн. Маселен, майдын башынан июль айынын башына чейин ал үч эсеге азайган. Тагыраагы, 99 миллиард сомдон 36, 4 миллиард сомго түшкөн. Кийинчерээк алтындын кору бир аз (37, 9 миллиард сомго) кымбаттаган. Сентябрда кайра 29 миллиард 74,4 миллион сомго чейин түшүп кеткен.

Алтын-валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости