www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук гвардиянын жаш жоокерлери ант берди

14-ноябрда КР Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнүн жаш жоокерлеринин ант берүү аземи аскер бөлүктүн базасында болуп өттү. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаш жоокерлер бир ай ичинде аскердик турмушка көнүгүү программасын, анын ичинде күн тартип, аскердик Уставдын жоболорун жана кызматтык милдеттерин окуп үйрөнүштү. Жогоруда аталган сабактардан кийин гана Мекен алдындагы антын беришип, өлкөбүздүн эгемендигин коргоо тапшырмасын аткарууга киришет.

Иш-чара жылдагындан айырмаланып, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ата-энелеринин жана жакындарынын катышуусуз өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости