www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-сентябрдан 18-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын колбашчысы тарабынан бекитилген 2024-жылга карата окуу планына ылайык, аскер бөлүгүндө картадагы командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аталган гвардиянын басма сөз кызматы билдирди.

Машыгууга тартылган аскер бөлүктөр күжүрмөн даярдыкка келтирилип, дайындалган өткөрүү жерине барышып аскер бөлүктөрдүн башкаруу пунктуларын жайгаштырышты.

Машыгуунун максаты - офицерлердин күжүрмөн даярдыкта практикалык чеберчиликтерин өнүктүрүү, күжүрмөн даярдыктын жүрүшүндө аскер бөлүктөрдү жана бөлүкчөлөрдү башкаруу, ар тараптуу камсыздоону уюштуруу жана ишке ашыруу, башкаруу пунктуларынын ишмердүүлүгүн координациялоо, окуп үйрөнүүчүлөрдүн бөлүктөрдү башкарууда кужүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарын кемчиликсиз ыкмаларын өндүрүү болуп саналат.

Машыгуунун жүрүшүндө карта колдонуу менен аракеттер жана тапшырмалар такталып, учурдагы тактикалык кырдаалга ылайык кабыл алынган чечимдер боюнча кызмат адамдарынын баяндамалары угулду.

 Ошондой эле КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов тарабынан командалык-штабдык машыгуулардын жүрүшү текшерилип, азыркы талаптарга ылайык интенсивдүү машыгууларды өткөрүүгө мүмкүндүк бере турган материалдык базасы менен таанышты.

Последние новости