www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Балаң бизден 500 миң АКШ долларын алып, бербей жүрөт” деп доо коюлганы эсиңердеби? Жогорку Кеңештин экс-депутаты Самат Ибраев “мен алган эмесмин” деп доочулардан качып, актанып жүргөнү элдин эсинде. Андан мурда Самат Ибраев “Манастын” атын жамынып, дагы бир ызы-чуунун үстүндө жүргөн.

Өткөн жылы бул эргул шылуундугуна салып, аялын Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканага директор кылып дайындаткан. Аялы Нуржан Иманкулова политехникалык институтту бүткөн.

Китепкана системасында бир күн иштеген эмес, бул жааттан маселе билбейт, алтургай кыргызча жөндөп сүйлөй албайт. А мамлекеттик тил комиссиясынын колунан иш келбеген, тили сайраган экс-төрагасы Сыртбай Мусаев Ардак грамотасын Нуржан Иманкулова тапшырыптыр.

Же бир сиңирген эмгеги болбосо, жөн эле берип салган окшойт. Ошентип жасалма көтөрмөлөө менен жүргөн Нуржан айым келгенден бери китепкананын иши артка кетип, маданият очогунун куту кетип жаткан кези экен.

Иштин көзүн билбеген директор иш билген кесипкөй адистерди кетирип, иш билбеген өзүнүн тааныштарын кызматка коюп, улуттук китепкана жамаатында уу-дуу күч алууда.

Агрономду нефтебазага, мугалимди темир жолго чоң кылган учур өтүп кеткен деп жүрсөк, дагы деле баягы эски “оорудан” какыс айыга элек экенбиз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости